Солчул эсерлер - солчул социал- революционерлердин партиясы; Россиядагы майда партия (1917- 21).

Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) мезгилинде эсерлер партиясында согушка каршы ураан менен чыккан оппозициялык саясий агым катары пайда болгон. 1917-ж. декабрдан өз алдынча партияга айланган.

Лидерлери: А. Л. Колегаев. М. А. Натансон, М. А. Спиридонова ж. б. Борбордук органы - «Земля и воля» газетасы. Солчул эсерлер дыйкандарга жерди токтоосуз бөлүштүрүп берүүнү колдоп, Убактылуу өкмөттүн импер. тышкы саясатына, кадеттер менен коалиция түзүүгө каршы чыккан.

Октябрь революциясына катышып, Советтердин бүткүл россиялык 2-съездинин декреттери үчүн добуш беришкен, бирок большевик, меньшевик, эсерлерден «бир түрдүү социалисттик өкмөт» түзүүнү талап кылып, Совет өкмөтүнүн составына кирүүдөн баш тартышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.