Соматикалык (дене) клеткаларды гибриддештирүү

Соматикалык (дене) клеткаларды гибриддештирүү - мында соматикалык клеткалар биригип, жалпы ядро пайда кылат. С. к. г. негизинен пробиркада (тирүү эмес организмде), клеткаларды өстүрүүдө, алардын аралашуусунда жүрөт, анткени бул кубулуштун өзүнөн өзү жүрүү жыштыгы өтө төмөн. С. к. г-нүн жыштыгын арттыруу үчүн, Мисалы, төмөнкү темп-раны жана вирустарды колдонушат.

С. к. г. иштери, анын алыскы түрлөрдүн клеткаларын аргындаштырууга мүмкүн экендигин көрсөттү, ал эми особдорду мындай учурда аргындаштырууга мүмкүн эмес (Мисалы, адам х чычкан; адам х тоок жана башка).

Клеткаларды гибриддештирүү жана көчүрүү, клеткалык инженерия деп аталат, ал биотехнол-да эң келечектүү багыттардан болуп эсептелет.

Молекулярдык биол-да молекулярдык гибриддештирүү колдонулат. Мисалы, ДНКнын ар башка молекулаларын бири-бири менен, же ДНКнын молекуласын РНКнын молекулалары менен аргындаштыруу жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү