Соната (итал. sonare - добуш салуу) - аспаптык музыканын негизги жанрларынын бири.

16-кылымда кантатадан айырмаланып Соната аспап үчүн жазылган чыгарма катары калыптанган. Сонатанын классикалык үлгүлөрү 18-кылымда пайда болгон. Ал көбүнчө И. Гайдн, В. А. Моцарттын, өзгөчө Л. Бетховендин чыгармаларында толук иштелип чыгып, бүгүнкү күнгө чейин сакталууда. Алардын чыгармачылыгында Соната симфония масштабына чейин көтөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.