Соода-сатык келишими – келишимдин бир кыйла кеңири таралган түрү. Ага ылайык бир тарап (сатуучу) экинчи тараптын (сатып алуучунун) менчигине буюмдарды (товарларды) берүүгө, а сатып алуучу аларды кабыл алууга жана алар үчүн белгилүү көлөмдөгү акчаны (баасын) төлөп берүүгө милдеттенет. С. с. к. негизги предмети буюмдар (товар) болуп саналат жана эки тараптуу төлөнүүчү келишимдердин катарына кирет. КР жарандык мыйзамдары боюнча, мүлк укуктары да, эгер ал укуктардын мазмунунан жана мүнөзүнөн башка жагдай келип чыкпаса, С. с. к-нин предмети боло алат. КР ЖК С. с. к. боюнча бөлүп төлөп сатуу, кредитке берүү, автоматтарды пайдалануу, чекене соода, үлгүлөр боюнча сатуу, мүлктүн айрым түрлөрүн сатуу үчүн өзгөчө укуктук эрежелер каралган. Жеткирип берүү келишими, Чекене соода-сатык келишими, Кубаттуулук менен жабдуу келишими, Ишканаларды сатуу келишими С. с. к-нин өзгөчө түрлөрү болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү