Соорондук (ылакап аты Азизкан) — "Манас" эпосунун кейипкери. Кытай аскер башчы каны, Алмамбеттин атасы (Сагымбай Орозбаковдун варианты). Көпкө балалуу болбой жүргөн С. элүү төрт жашка чыкканда аялы Экзер Алмамбетти төрөйт. Мусулман бололу деген баласы Алмамбеттин тилин албай аны өлтүрмөк болот. Алмамбет качып чыгып, ал чогулткан кытай колу менен салгылашта аны артынан тааныбай өлтүрүп коё жаздайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 231 — 232). Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча "Кырк кан эли кытайда Соорондук деген кан экен" (Саякбай Каралаев, 2. 103—105). Бирок, бул вариантта С. Алмамбеттин таятасы, Алтынайдын атасы катарында сүрөттөлөт. Ошондой эле нурдан төрөлгөн Алмамбетти үч ай жашырып баккан кейипкер катары да эпосто эскерилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4