Сооронов, Омор (Соорон-Сопу; Omor Sooronov; 1940, Базар-Коргон району, Төлөгөн айылы) — акын жана адабиятчы. Кыргыз мамл. университетинин филология факультетин бүтүргөн (1967). 1967—69-ж. А. С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогика окуу жайында окутуучу, 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже, андан кийин улук илимий кызматкер болуп иштеп келатат. Ал онго жакын поэтикалык жыйнактардын, он чакты монографиянын, көптөгөн илимий, сын макалалардын автору.

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Омор Сооронов Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында 1940-жылы 28-февралда туулган.

1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1958-жылы Базар-Коргон басмаканасында арип терүүчү болуп иштөө менен баштаган,

1959-жылдан орто мектепте улуу пионер тарбиячысы,

1959 – 1962-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп,

1967-жылы Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы окуу жайына окутуучу болуп жөнөтүлгөн.

1969–1979-жж. жана 1981-жылдан тартып Кыргыз ССРинин ИА Тил жана адабият институтунун кичи илимий, илимий, улук илимий кызматкери,

1979–1981-жж. «Кыргызстан» басмасынын Оригинал-дуу көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы,

1992 – 1995-жж. И.Арабаев атындагы КМПУнун улуу окутуучусу жана КУИАсынын улук илимий кызматкери болуп азыркыга чейин эмгектенип келүүдө.

1957-жылдан бери чыгармалары жарыкка чыгып келе жатат. Чыгарма-чылык жолун акын катары баштаган. «Тоолорумдун зыйнаты» биринчи поэтикалык жыйнагы 1971-жылы басылып чыккан.

1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Адабиятчы жана булак таануучу катары ишмердиги түзөтүү

Поэзиялык жыйнактардын, он чакты монографиянын жана ар түрдүү макалалардын автору.

Эки томдук Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын, жети томдук «Кыргыз адабиятынын тарыхынын» авторлошу болуп саналат.

Кыргыз элинин араб жазмасындагы бир нече кол жазма мурасын изилдеген.

Сыйлыктары. Наамдары. түзөтүү

Эл агартуунун отличниги (1993),

Кыргыз Республикасынын мадания-тына эмгек сиңирген ишмер (1995),

Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (2004),

Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын ээси

КУУнун Ардактуу профессору болуп саналат.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

Кыргыз тилинде

  • Сооронов, Омор. Биз билген жана биз биле элек Токтогул: Даректүү баян / Жооптуу редактору Бакытбек Орунбеков; баш сөзүн жазган Арслан Капай уулу Койчиев. - Бишкек: Турар, 2014. - 224 б. - Мында: 3-5-бетте. - “Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен жарыяланды. - ISBN 978-9967-15-336-3.
  • Сооронов, Омор. "Манас" трилогиясындагы эпикалык окуялардын сүрөттөлүш өзгөчөлүктөрү. - Фр., 1981.

Тоолорумдун зыйнаты: Поэмалар жана ырлар. – Ф.: Мектеп, 1971. – 48 б.

Жүз: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 48 б.

Жараат сыры: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 90 б.

Тазалыкка чакырам: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 76 б.

Мезгил жана талап: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, – 144 б.

Манас трилогиясындагы эпикалык окуялардын сүрөттөлүш өзгөчөлүктөрү: (Тоголок Молдонун варианты). – Ф.: Илим, 1981. – 120 б.

Согуш темасындагы кыргыз поэмаларынын сюжеттик мотивдери. – Ф.: Илим, 1982. – 88 б.

Ырларым менин – сырларым: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 88 б.

Аруу дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 104 б.

Кайрылуу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1990. – 128 б.

Эки тоголок: Ырлар. – Б.: Адабият, 1993. – 32 б.

Молдо Кылычтын кол жазмаларынын илимий сыпаттамасы: Атайын фонду. 1-китеп. – Б.: Манас таануу жана көркөм адабияттын улуттук борбо-ру, 1998. – 122 б.

Молдо Кылычтын кол жазмаларынын илимий сыпаттамасы: Атайын фонду. – 2-китеп. – Б.: Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору, 1998. – 116 б.

Мукай: Даректүү баян. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 202 б.

Калыгул, Арстанбек жана Касым Тыныстановдун кол жазмаларынын илимий сыпаттамасы. Атайын фонду. – Б.: Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору, 2001. – 84 б.

Мундуздар. – Б.: ОсОО Лакпринт, 2002. 1505-жылы жазылган «Манас». – Б.: Айат, 2003.

Насаб-наама: 1855-жылы Кудаяркан жаздырган адамзаттын санжырасы. – Б.: Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, 2003.

Казыбек жана Е.В.Поливановдун кол жазмаларынын илимий сыпаттамасы. Атайын фонду. – Б.: Манастаануу борбору, 2004.

Кыргызым ай, кыргызым! Ырлар. – Б.: Турар, 2008. – 85 б.

КОТОРМОЛОРУ

Сайф ад-дин ибин Дамулло Шах Аббас Аксикенти жана анын уулу Нурмухаммед. Тарыхтардын жыйнагы (Мажму атут таворих). (Молдо Са-быр менен бирге) – Б.: Акыл, 1996.

Магзуни (Зиябидин Максым). Фаргана хандарынын тарыхы). (Молдо Сабыр менен бирге) – Б.: Турар, 2007.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү