Соронбаев Керим ( 10.5.1910, Кочкор району, Көкүрөк өндүрү — 24.7.1977, Бишкек) — Кыргызстан КП БКнын пропаганда боюнча катчысы (1944—47).
1930-ж. Кыргыз агартуу институтун (педагогикалык окуу жайы) бүтүп, ошол эле жерде окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1939-жылдан Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы, 1941-жылдан 1- катчысы, 1942-ж. КПСС БКнын Жогорку партиялык мектебин бүткөн.
1947-жылдан Тышкы иштер министринин орун басары, ИАда Кыргыз тил, адабият жана тарых институтунун директору.
Кийинки жылдары Республикалык "Билим" коомунун төрагасынын орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Полиграфия, басма жана китеп соодасы боюнча башкармасынын начальнигинин орун басары, Басма, полиграфия жана китеп соодасы боюнча мамлекеттик комитетинин начальниги болуп иштеген. Бир нече саясий, тарыхый китептерди которгон. Улуу Ата Мекендик согуш, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.