Соттук-медициналык экспертиза
Соттук-медициналык экспертиза(серептеме) – кылмыштарды иликтөө менен соттук териштирүүдө келип чыккан медициналык жана биологиялык маселелерди чечүү үчүн тергөөчүнүн, соттун токтому (аныктамасы) боюнча жүргүзүлүүчү медициналык экспертизанын бир түрү. С-м. э. кесипкөй дабагерлер, ошондой эле ага теңдештирилген медициналык эмес жогорку билими бар (химик, физик ж. б.) адистер тарабынан жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7