Сот адилеттиги – мамлекеттик ишмердиктин таризи, ал өзүнүн компетенциясына кирген – кылмыш-жаза кылмыштары, жарандык талаш-тартыштар ж. б. жөнүндө иштерди кароодо жана чечүүдө көрүнөт. С. а. сот тарабынан мыйзамда белгиленген тиртипте ишке ашырылат. КР конституциялык мыйзамдарына ылайык С. а-нин негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: а) С. а-нин сот тарабынан гана ишке ашырылышы; б) баардык соттордо иштердин ачык тергелүүсү (өзгөчө кароо мыйзам менен аныкталат); в) кылмыш-жаза жана башка иштерди сыртынан териштирүүгө жол берилбейт (өзгөчө кароо мыйзамда аныкталат); г) сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде ишке ашырылат.

‘’Justitia’’ (Maarten van Heemskerk, 1556)

Колдонулган адабияттар түзөтүү