Социалдык аралык (орус. Социальная дистанция) (лат. distantia – аралык) – социалдык топтор менен адамдардын жакындыгынын же алыстыгынын даражасын мүнөздөөчү түшүнүк.

Батыш социологиясында Социалдык аралыкты талдоого алуу биринчи жолу Зиммель, Парк жана Берджас тарабынан жүзөгө ашырылган. Социалдык аралыкты ички жана тышкы деп бөлүштүрүүгө болот; тышкы аралык улуттар, таптар, социалдык топтор ортосундагы аралыктарды мүнөздөсө, ичкиси топтордун мүчөлөрүнүн ортосундагы аралыкка тийиштүү.

Социалдык аралыктын горизонталдуусун жана вертикалдуусун да айрымалай билүү зарыл. Эгерде горизонталдуу Социалдык аралык коомдук өнүгүүнүн бирдей деңгээлинде турган топтордун ортосундагы Социалдык аралыктын деңгээлин билдирсе, вертикалдуусу-топтордун, тайпалардын социалдык иерархиясындагы айырмачылыктарды мүнөздөйт.

Социалдык аралык кызмат даражасынын, абройдун, мартабанын артүрдүү деңгээлдеринде көрүнөт.

Социалдык аралыктын изилдөө усулдарыОңдоо

Социалдык аралыктын изилдөө усулдары өзүнө: өз ара иштешип жаткан адамдарга түздөн-түз байкоо жүргүзүү, анкеталоо, сурамжылоо жана башкаларды камтыйт.

Анкеталарда жана сурамжылоолордо респонденттердин социалдык аралык деңгээли белгилүү топтун мүчөлөрү менен жол берилген жакындык жөнүндө суроолордун жардамы менен аныкталат. Мисалы, алардан белгилүү бир топтун мүчөсүн коңшусу, кесиптеши же өмүрлүк шериги катары көрүүгө болобу же жокпу деп сурашат.

Бирок анкеталоо жана сурамжылоолор социалдык аралык деңгээли тууралуу так натыйжаны бере албайт. Булар аталган топтун мүчөлөрүнө карата оң же терс сезимдердин күчтүүлүк даражасын өлчөөгө гана жардам берет.[1]  

Богардустун социалдык аралык шкаласыОңдоо

1920-жылдары америкалык социолог Эмори Богардус социалдык аралыкты өлчөө шкаласын иштеп чыккан, бул изилденип жаткан адамдардын эки тобунун жакындыгын же бөтөн экендигин өлчөөгө мүмкүнчүлүк берген.

Аталган шкаланын жардамында өлчөө усулу боюнча респондентке социалдык аралыктын ар кандай даражасын туюндурган жети пикирден турган тизме жана тийиштүү социалдык топтордун тизмеси берилет.

Сурамжылоодо респонденттер тандалган топтун мүчөлөрү менен жол коюлган жакындык даражасын так сыпаттаган пикирди белгилешет. Башкача айтканда: «Жеке мен бул топтун өкүлүн… кабыл алышым мүмкүн жана туура», – деген сүйлөмдү толуктаган ырастоо тандалат.

  1. Жакын тууганым катары (мисалы, жубайым катары).
  2. Жакын досум катары.
  3. Үйдөгү кошунам катары.
  4. Жумуштагы кесиптешим катары.
  5. Өз өлкөмдүн жараны катары.
  6. Менин өлкөмдөгү конок (турист) катары.
  7. Мен аны өлкөмдө жүрүшүн көргүм келбейт.

Топтордун тизмеси изилдөөнүн максаттарына ылайык түзүлөт. Зарылчылыкка жараша тизмеге жыныстык азчылыктардын өкүлдөрү, саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын жактоочулары да киргизилиши мүмкүн.

Ошентип, Богардус шкаласы аркылуу расалык жана этникалык топтордун ортосундагы эле эмес, жашы, жынысы, кесиби, дини ж.б. ар кандай белгилери боюнча айырмаланган топтордун ортосундагы да социалдык аралыкты өлчөөгө болот.

Натыйжаларды иштеп чыгуу жана чечмелөө

Шкаладагы ырастоонун номуру социалдык аралыктын чоңдугун чагылдырат (1 – минимум, 7 – максимум). Бир топтун мүчөлөрүнүн (респонденттердин) башка топторго карата социалдык тизмеги (тизмеде көрсөтүлгөн) жекече жооптордун орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет.

Демек, бул көрсөткүч канчалык аз болсо, эки топтун ортосундагы социалдык аралык ошончолук кыска жана бир топтун экинчисине карата оң сезимдери ошончолук күчтүү туюндурулган. Ошондой эле шкаланын ар бир пунктун өзүнчө ырастоо катары бааласа болот. Мисалы, диапазондогу толугу менен макулмун (1) – таптакыр макул эмесмин (7) деген ырастоолор натыйжалардын тийиштүү түрдө иштетилишин билдирет.

Социалдык аралыктын пайда болуу себептериОңдоо

Ар бир адам өз чөйрөсүндөгү башка адамдарды ар кандай критерийлер боюнча түркүмдөөгө, ошого жараша коомду өзүнчө топторго бөлгөнгө ыктап турат. Мындан тышкары, ал аң-сезимде түзүлгөн топторду (жалпы кабыл алынган мамилелерди таңуулаган) иерархиянын тартиби боюнча жайгаштырат. Бул процесс ар бир адамдын аң-сезиминде жүрөт.

Ошентип, коом айрым индивиддердин түшүнүктөрүнүн жыйындысынан социалдык тепкичти түзөт. Социалдык тепкич бардык индивиддер тарабынан өзүнчө колдоо табат. Азыркы учурда жеке адамдын кесиби негизги критерийлердин бири болуп калды, анткени бул анын социалдык макамына катуу таасир этет.

Кесип анын кирешесинин деңгээлин, артыкчылыктарынын саны менен мүнөзүн ж.б. аныктайт, ошондуктан коом ар кандай кесиптин өкүлдөрүнө ар кандай мамиле кылат. Бул бир жагынан кесиптин адамдын инсандык сапатына дагы таасир тийгизгендигине байланыштуу: анын мүнөзү жана жашоо таризи негизинен кесиби менен аныкталат. Бирок мүнөзү жана жашоо таризи да аталган кесипти тандоого таасир этиши мүмкүн (бул учурда алар бири-бири менен байланыштуу болот).

Бүгүнкү күндө социалдык аралыкты иликтөөдө индивиддин улуту маанилүү роль ойнойт. Бул критерий юридикалык жактан бекитилген, мындан тышкары ал социалдык тайкы пикирлерге негизделген сенек көз караштар менен бышыкталат.

Көпчүлүк америкалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жумуш берүүчүлөр толеранттуулук саясатына карабастан, башка улуттун өкүлдөрүнө чочулоо менен карап, бардык талапкерлерге бирдей мамиле кылышпайт. Бул факт адамдын (адамдар тобунун) коомдогу макамын аныктоодо улут критерийи маанилүү экендигин тастыктайт.

Белгилей кетчү нерсе, бейтааныш адамдарга болгон мамилени калыптандырууда да жеке адам үчүн социалдык аралык биринчи орунда турат. Адамдын аң-сезиминде ага белгилүү болгон дээрлик бардык социалдык макамдарга орун бериле турган социалдык түзүм бар. Бул аралык өтө сейрек учурларда, мисалы, жеке адамдар (топтор) ортосунда тыгыз психологиялык жана эмоционалдык байланыш болгондо, сакталбай калышы мүмкүн.[1]

Социалдык аралык Covid-19 пандемиясы учурундагы сактануу чарасы катарыОңдоо

Covid-19 пандемиясы учурунда аталган вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн социалдык аралык чаралары дээрлик бүт дүйнө жүзүндө колдонулган.

Бул учурда социалдык аралык дары-дармексиз кийлигишүүлөрдүн же оорунун жайылышын алдын алуучу иш-чаралардын ролун аткарат. Аталган процесс жеке адамдардын ортосундагы тулку-бойлук аралыкты сактоо жана алардын ортосундагы тыгыз байланыштын көлөмүн азайтуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Мындай чарага айланадагы адамдардан эки метр аралыкты сактоо жана көп адам чогулган жерлерден алыс болуу кирет.[2]  

COVID-19 пандемиясы учурунда кээ бир өкмөттөр эң көп жабыр тарткан аймактарды мажбурлап карантинге алуунун альтернативасы катары социалдык аралыктын маанилүүлүгүн белгилешти. ЮНЕСКОнун мониторингине ылайык, 100дөн ашуун өлкө дүйнө студенттеринин жарымынан көбүн камтыган COVID-19га каршы мектептерди жабууну жалпы мамлекет боюнча ишке ашырышты.

Кыргызстандын Өкмөтү коомдук тамактануу жайларын, кинотеатрларды, соода борборлорун жана башка эл көп жүргөн жерлерди өз убагында жапты.

Психикалык саламаттыкка таасириОңдоо

Социалдык аралык адамдарды жакындарынан бөлүп, жеке эркиндигин чектегендиктен депрессияны жана тынчсызданууну пайда кылышы мүмкүн. Мындан тышкары, социалдык аралык сактануу чарасы катары күн тартибинин өзгөргөндүгүн, ал эми кээде тиричилик каражаттарынан ажырап калгандыкты билдирет.[2]  Бул көңүлдүн чөгүшүнө, зеригүүгө, маанайдын түшүшүнө жана депрессияга алып келиши ыктымал. Тынчсыздануу оору жуктуруп алуу коркунучунан жана социалдык аралыктын принциптерин анык түшүнбөгөндүктөн пайда болуп, муну чаташуу жана кооптонуу сезимин күчөтүүчү ишеничтүү эмес маалымат булактары бекемдейт.[3]  Мурда эле психикалык оорусу бар адамдар аларды дарылоонун негизин түзгөн өз ара карым-катнаштын чектелишинен, психиатриялык зарыл кызматтардын баштагыдай жеткиликтүү болбой калганынан жапа чегиши мүмкүн.

Психикалык саламаттыктын бул кесепеттерин азайтуу үчүн коомчулук, саясатчылар жана саламаттыкты сактоо адистери биргелешкен күч-аракет жумшашы зарыл. Коомчулукка сергек жашоо таризин, эрмегин, виртуалдык социалдык карым-катнашты камтыган күнүмдүк иш-аракеттер менен аӊ-сезимдүү түрдө алектенүү сунушталат.

Өкмөткө, маалымат каражаттарына жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрүнө коомдук саламаттыкты сактоо боюнча ачык-айкын жана так кеп-кеңештерди берип туруу сунушталат.

Медицина кызматкерлери ар кандай психикалык ооруларга кабылган тобокел тобундагы адамдарды жана аялуу топторду да аралыктан көзөмөлдөп, зарылдыкка жараша кошумча колдоо көрсөтүп турушу кажет. Социалдык аралыкка негизделген иш-чараларды ийгиликтүү жүргүзүү максатында коомдун психикалык саламаттыгына тийүүчү кесепеттерге тыкыр көңүл буруу сунушталат. Алдыда социалдык аралыктан кийин кадимки жашоого кайтып келүү менен байланышкан көйгөйлөр жана маселелер дагы изилдениши керек.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
  1. Социальная дистанция // Новейший философский словарь. / Сост. А. А. Грицанов. — Мн: Книжный Дом, 1999.
  2. Bai Y, Lin C-C, Lin C-Y, Chen J-Y, Chue C-M, Chou P. Survey of stress reactions among health care workers involved with the SARS outbreak. Psychiatr Serv2004;55:1055-7. doi:10.1176/appi.ps.55.9.1055 pmid:15345768
  3. Brooks SK, Webster RK, Smith LE, et al. The psychological impact of quarantine and how to reduce it: rapid review of the evidence. Lancet2020;395:912-20. doi:10.1016/S0140-6736(20)30460-8 pmid:32112714