Социалдык көзөмөл ― социалдык механизм.

Социалдык көзөмөлдүн жардамы менен коом жана анын бөлүктөрү (топтор, уюмдар) социалдык тутумдун чектөөлөрүн (шарттарын) бузуудан сактайт. Аларды бузуу коомго зыян келтирет. Башкаруунун ажырагыс элементи.

Социалдык көзөмөлдүн негизги объектилери ― укуктук жана моралдык ченемдер, адат-салттар, административдик чечимдер. Социалдык контрольдун иш-аракети, негизинен, социалдык чектөөлөрдү бузгандарга ар түрдүү санкцияларды колдонуу менен байланышкан. Социалдык көзөмөлдү мамлекет (к. мамлекеттик көзөмөл), о. э. ар кандай социалдык топтор (кандайдыр бир процесске катышуучулардын бири-бирин көзөмөлдөшү, коомдук пикирди билдирүүнүн ар түрдүү формалары, мисалы., моралдык жактан айыптоо, мамилелешүүдөн баш тартуу д.у.с.) ишке ашырат.

Булактар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9