Социалдык роль - коомдогу абалына жараша адамдын жүрүм-турумун аныктаган нормалардын жыйындысы жана алардын иш жүзүнө ашырылышы.

Социалдык роль жөнүндөгү түшүнүктү илимге америкалык социологдор Р. Линтон жана Ж. Мид 1930-жылдарда киргизген. Социалдык роль жөнүндөгү түшүнүктүн пайда болушу личностту - социалдык кубулуш катары кароого өткөн оң тенденцияны көрсөткөн. Ал марксчыл социология менен психологияда да колдонулат. Марксизм-ленинизм коомдун социалдык структурасын изилдөөдө тапка чечүүчү маани берип, Социалдык рольду экинчи планга коёт. Адам ишмердиги Социалдык роль менен гана чектелбейт, ошондуктан ролдор боюнча гана изилдөө коомдук өнүгүүнү көрсөтүүгө жетишсиз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.