Социалдык структура - социалдык институттардын мүнөзү, эмгектин бөлүнүшү, таптардын ж. б. социалдык топтордун ез ара мамилелери менен шартталган социалдык системанын элементтеринин арасындагы туруктуу жана ырааттуу байланыштар тармагы.

Бүт коомдук мамилелерди өз кучагына камтыган жалпы коомдун Социалдык структурасы өндүрүш, саясат, илим, маданият ж. б. системачаларынан айырмаланат. Марксизм-ленинизм боюнча экон. структура башка Социалдык структураларды аныктайт, о. эле алардын таасирин туят (к. Тарыхый материализм, Коомдук-экономикалык формация). Коомдо таптын структурасы зор мааниге ээ.

Коомду башкаруу муктаждыгы калктын Социалдык структурасын башка белгилер - адистик, улуттук, курак ж. б. боюнча изилдөөнү пайда кылат.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.