"Союз" - көп орундуу, башкарылуучу совет жана орус космос кемелеринин серияcынын аты. Кемени иштеп чыгуу совет ай программасы үчүн С.П. Королевдун жетекчилиги астында 1962-жылы 1-Өзгөчө конструктордук бюродо башталган. Кемедеги заманбап өзгөрүүлөр орбитага үч адамдан турган экипаж жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кемени иштеп чыккан жана өндүргөн - "Энергия" РККсы.

Бул сериянын кемелери 130дан ашык учуу аткарып, космостуу өздөштүрүү боюнча совет жана орус башкарылуучу программаларынын негизги бөлүгү болуп калышкан. 2011-жылы Спейс шаттл программасы жыйынтыкталгандан кийин бул кемелер Эл аралык космос бекетине экипаж жеткирүүчү жалгыз каражат болуп калды.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү