Спектрометрия (спектр жана ...метрия) - спектрлердин теориясын жана өлчөө методун иштеп чыга турган илимий тармак.

Оптикалык диапазондогу толкун узундуктарында Спектрометрия колдонмо спектроскопиянын, метрологиянын жана сызыктуу система теориясынын бөлүмдөрүн камтыйт. Спектрометрия спектр приборунун принциптүү схемасын жана эсептөөнүн ыңгайлуу методун тандап алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.