Спектр-гелиограф (спектр жана гелиограф) - күн дискасын монохром жарык менен сүрөткө тартууга арналган спектрдик астономиялык прибор.

Спектр-гелиограф. менен алынган сүрөт Күн дискасынын жана анын чет жагындагы ар кандай түзүлүшүн көрүүгө мүмкүндүк берет. Спектрогелиограмманы алуу үчүн көпчүлүк учурда суутектин жана иондошкон кальцийдин спектр сызыктары, о. эле суутектин На сызыгы пайдаланылат. Алгачкы жолу протуберанц спектрогелиограммасы (1891) менен бүтүндөй Күн дискасынын спектрограммасы (1892) алынган.

Спектр-гелиографтын биринчи конструкциясын 19-кылымдын 90-жылдары А. Деландр (Франция), Э. Хейл (АКШ) жана Ж. Эвершед (Индия) түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.