Спектр сериялары - энергиясы ар түрдүү жогорку деңгээлдерге көтөрүлүп, дүүлүккөн атомдор кайра төмөнкү бир деңгээлге түшкөндө пайда болгон спектр сызыктарынын тобу.

Спектр серияларына кирген сызыктар белгилүү топторго бөлүнүп, бири биринен айырмаланат.

Спектр сериялары Менделеевдин мезгилдик системасынын 1-тобуна кирген элементтердин спектрлеринен даана байкалат.

Спектр сериялары атомдун жана молекуланын структурасын изилдееде кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.