Спидометр (англ, speed - ылдам- дык жана ..метр) - автомобилдин кыймылынын ылдамдыгын жана өткөн жолун аныктоочу прибор.

Спидометрде ылдамдыктын магниттик типтеги көрсөткүчү жана роликтүү типтеги өткөн жолду санагыч пайдаланылат. механикалык аракетке келтиргенде Спидометрдин көрсөткүчү жана санагычы ийилгич вал аркылуу редуктор менен бириктирилет.

Редуктордун тиштүү дөңгөлөктөрүнүн бири жетеленме вал менен кошо айланат. Электр менен аракетке келтиргенде Спидометрдин билдиргичи кыймыл өткөргүч күчүнүн жетеленме валы менен бириктирилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.