Спилит (гр. spilos - так, темгил) - суу астында жанар тоонун атылышынан пайда болгон эффузив (базальт) тоо теги.

Майда бүртүкчөлүү, айрым учурда порфир сымал. Натрийдин кычкылы менен альбитке бай. Курамында кремний кислотасына Караганда каралжын түстөгү минералдар басымдуу.

Спилит деңиз шартында пайда болгон чекме тектердин арасында кезигет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.