Спин – электрондун кыймыл санынын өздүк моментин Спин деп аташат.

Спин түшүнүгүнүн келип чыгышын англ. физиги Поль Дирак мындай айткан: электрон атомдогу башка электрондор менен өз ара аракеттешкенде жаңы касиетке – эки маанииге ээ болуу абалы болуу экен. Мындай учурда спектралдык сызыктарды түшүндүрүү кыйын болуп калат. Ушул абалдан чыгыш үчүн 1923-ж. Ральф Крониг өзүнүн сунушун айткан, ал боюнча электрон орбиталдык кыймылынан башка дагы өз огунда айланат. Ушул эле учурда голл. физиктер – Жорж Уленбек менен Самуэль Гоудсмит Зееман эффектисиндеги спектралдык сызыктардын ажырашын түшүндүрүү үчүн С-ге аныктама берип, илимий макала жазышкан. Алардын сунушу боюнча электрондун заряды, массасы жана өзүнүн бурчтук моменти бар.

Ошентип Спин түшүнүгү физиканын андан аркы өнүгүшүндө өзүнүн кызматын аткара баштайт: 1) спектралдык сызыктардын магнит талаасында ажырашын, 2) электрондордун энергетикалык абалына тийгизген таасири, 3) ферромагнетиктердин магниттик касиеттерин түшүндүрүү ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү