Спонтандык нурлануу - дүүлүккөн абалдагы атомдордун жана башка квант системаларынын өзүнөн өзү электр-магнит нур чыгаруусу.

Спонтандык нурлануунун аргасыздан болгон нурлануудан айырмасы - квант системасынын сырткы электр-магнит нурлануунун аракетине кез каранды эместиги; анын нурлануу мыйзам ченеми спонтандык ажыроонун башка тибине окшош эле ошол системанын өздүк касиети менен аныкталат.

Дүүлүккөн система энергиянын жогорку деңгээлинен энергиянын төмөнкү дөңгээлине спонтандык кванттык өтүү учурунда Спонтандык нурлануу пайда болот, ал фотондун жыштыгы менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.