Стабилизатор (лат. stabilis - туруктуу) .

  • 1) Электр Стабилизатору - электр энергиясын кабылдагычтын киришинде чыңалууну автоматтык түрдө туруктуу карман туруучу түзүлүш.
  • Иштөө принциби электр тогу пайда кылган феррорезонанс кубулушуна негизделген.
  • 2) Автоматикада- козгогуч таасирлер өзгөргөндө да жөнгө салынуучу чондуктарды керектүү тактыкта автоматтык түрдө карман туруучу түзүлүш.
  • 3) Авиацияда - учуучу аппараттын учуудагы туруктуулугун камсыз кылуучу аэродинамикалык бет.
  • 4) Фотографиялык Стабилизатор - фотография эмульсиясынын эскиришин акырындатуу (жайлатуу) жана жарык сезгич материалдарды сактоодо жакшылап чүмбөттөө үчүн колдонулуучу зат.
  • Мында Стабилизатор катары сымап, алтын, платина ж. б. оор металлдардын комплекстүү бирикмелери колдонулат.
  • 5) Полимер Стабилизатору - полимердин эскиришин жайлатуучу зат. Мында Стабилизатор болуп кычкылданууга жолто болуучу-антиоксидтар; фотолиз жана фотоокистенүүнү басаңдатуучу фотостабилизаторлор ж. б. колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.