Стабилитрон (лат. stabilis - туруктуу жана (элек)трон)- өтүп жаткан тогу өзгөрсө да чыңалуусу анчалык өзгөрбөгөн эки электроддуу газ разряддуу же жарым өткөргүчтүу прибор.

Стабилитрон электр тизмегинин берилген бөлүгүндөгү чыналууну туруктуу абалда кармап туруу үчүн колдонулат. Газ разряддуу Стабилитрондун иштөө принциби бүлбүлдөө разряды менен таажылуу разряддын касиеттерине негизделген. Бүлбүлдөө разряддуу Стабилитрон коаксиал же жалпак жарыш электрон системасы түрүндө жасалат. Ал бир нече кн/м2 басымда инерттүү газ толтурулган баллонго жайгаштырылган. Жарым өткөргүчтүү Стабилитрон - эки электроддуу кремний прибору. Ал импульс техникасында чыналууну туруктуу чектөө үчүн жана бир калыпка келтиргич элемент катары колдонулат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.