Ставинский, Виталий Антонович

Ставинский, Виталий Антонович (1936-ж.т., Ош ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1997). СССР (1976), Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты (1995). Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1959). Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Чүй геол. экспедициясында техник-геолог, улук техник-геолог, геолог, улук геолог (1959–1964); Сарыжаз геол. экспедициясынын Кургак партиясынын улук геологу, башкы геологу, партиянын начальниги (1964–67); Сарыжаз геол. экспедициясынын башкы геологу, начальниги (1967–86); Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын геол. бөлүмүнүн башкы геологу, начальниги (1986 – 91); «Кыргызгеология» өндүрүштүк бирикмесинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик геол. комитетинин башкы геологу (1991 –96). С. практикалык ж-а илимий иштеринин негизги багыты сейрек кездешүүчү металл, калай кендерин издөө, чалгындоо, геол. изилдөөлөрдү уюштуруу ж-а башкаруу. «Ардак Белгиси» ордени (1971) ж-а медалдар менен сыйланган. «Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкер», «Жер казынасынын ардактуу чалгындоочусу» деген ардактуу наамдар берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү