Алмасбеков Сталбек (15. 9. 1953-ж. туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Көкой айылы – 5.4.2023) - ырчы (тенор, КРнын эл артисти (2003).

1970—74-ж. М. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музундугу-хореографиялык окуу жайында, 1979-ж. Алматыдагы Курмангазы атындагы мамлекеттик консерваториянын ырдоо классында окуган. 1982-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында ырчы. Ал Дж. Вердинин «Аида», «Отелло», Пуччининин «Чио-Чиосан», Бизенин «Кармен» операларынан партияларды, ошондой эле В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Манас» операсынан Сыргактын, Алмамбеттин, «Айчүрөк» операсынан Күлчоронун; «Ажал ордуна» операсынан Бектур, «Токтогул» операсынан Керимбай, С. Осмоновдун «Сепил» операсынан Туйгун баатырдын ж. б. партияларды жогорку чеберчиликте аткарат. КМШ жана чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү