Статистикалык баалоо - ыктымалдыктардын белгисиз бөлүштүрүлүштөрүн байкоолордун натыйжасы боюнча жакындатып аныктоо үчүн математикалык статистикада колдонулуучу ыкмалардын жыйындысы.

Статистикалык баалоонун чекиттик текшерүү жана ишеним чеги менен текшерүү деген эки түрү бар. Статистикалык баалоо корреляция функциясы менен спектр функциясын мүнөздөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.