Статоскоп (гр. statos-туруучу жана skopeo - карайм) - прибордун ички басымы менен атмосферанын басымынын айырмасы аркылуу учуп жүргөн аппараттын бийиктигинин өзгөрүүсүн өлчөгүч прибор.

Статоскоп карта түзүү үчүн аэрофото сүрөт тартууда колдонулат. Статоскоп катары көбүнчө эки бирдей автоматтык кайра туташтырылгыч манометр системасынан турган суюктук барометр колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.