Стаханов Алексей Григорьевич

Стаханов Алексей Григорьевич (21. 12. 1905 (3. 1. 1906), Орёл губ., Луговой кыш. - 5. 11. 1977) - көмүр өнөр жайынын новатору, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1970). 1936-жылдан КПСС мүчөсү.

  • 1927-ж. шахтада түрдүү иште, 1933- жылдан забойщик.
  • 1935-ж. шахтада забойщиктер курсун бүтүргөн.
  • 1935-ж. бир сменада (5 с 45 мин) 102 т көмүр казып, 14 норма аткарган.
  • Мындай жогорку өндүрүмдүүлүк техниканы билгичтик менен пайдалануунун натыйжасында камсыз болгон.
  • Ал 1935-ж. 19-сентябрда бир сменада 227 т көмүр казууга үлгүрүп, дагы жаңы рекорд белгилеген.
  • Бул эмгектеги баатырдыгы Донбасс шахтасында өрнөктүү жеролгө катары кабыл алынып, Стахановчулар кыймылы бүт өлкөгө таралган.
  • 1936-41-ж. Москвада Ө. ж. академия- сынан окутан. 1941-42-ж. Карагандыда № 31 шахтанын начальники, 1943-57-ж. СССР көмүр ө. ж. минвосунда, 1957-59-ж. «Чистяковантрацит» трестинин башкармасынын орун басары, 1959-жылдан «Торезантрацит» трестинин №2/43 шахта башкармасынын башкы инженеринин жардамчысы. 1974-жылдан пенсияда.
  • СССР Жогорку Советинин (1-шайл.) депутаты.
  • Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.