Стенография
Стенография (гр. stenos - кууш, тар жана ...графия) - сүйлөнүп жаткан сөздү синхрондук түрдө жазганга жана жазуу төхникасын өркүндөткөнгө мүмкүндүк берчү атайын белги системаларын, кыскарган сөздөр менен сөз айкалыштарын колдонуп ылдам жазуу.
Кадимки жазуудан 4-7 эсе бат жазылат. Мындай жазуу байыркы замандарда эле болгон. Маселен, Байыркы Рим мектептеринде Стенография кадимки жазуу менен кошо үйрөтүлгөн. «Стенография» терминин илимге 1602-ж. Англияда Ж. Уиллис киргизген. Азыркы Стенография курсивдүү жана геометриялуу Стенография деп эки түргө ажыратылат. Курсив системасындагы Стенографиянын үнсүз тамгалары кадимки жазуунун элементтеринен Геометриялык систем алынган. системадагысынын белгилери геометриялык фигуралардан турат. Стенографиянын бул эки түрү тен Англияда ойлонуп табылган.
Стенография орфографиялык жана фонетикалык системадагы Стенография деп да ажыратылат. Орфографиялыгы жазуу эрежеси катары кадимки жазуунун орфографиясына таянат. Фонетикалыгында сөздөгү үндүүлөрдөн басым түшкөнү гана жазылат. Орус тилинин оригиналдуу жана турмушта биринчи колдонулган Стенографиясы М. И. Иванинцин системасы: «Стенография же ылдам жазуу өнөрү жана аны орус тилге колдонуу жөнүндө» (1858).
Октябрь революциясынан кийин Стенографиянын М. И. Лапекин (1920), Н. И. Фалеев (1922), Н. Н. Соколов (1924) ж. б-лар тарабынан ойлонуп табылган жаны системалары пайда болду. Ал системалардан кеңири жайылганы-Н. Н. Соколовдун системасы. Кыргызда эне тилдин өзгөчөлүктөрүно ылайыкталган Стенографияны А. Карасаева иштеп чыккан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.