Бандера Степан Андреевич (11. 1. 1909 15. 10. 1959, Мюнхен) украиналык саясий ишмер. Украина улутчулдар уюмунун лидери. 1934жылдан анын аткаруу комитетинин төрагасы. 1934-ж. Польшанын тышкы иштер министрине кол салууну уюштургандыгы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган, жаза түбөлүк камак менен алмаштырылган (1939-ж. бошотулган). 1941-ж. июнда Львовдо Украинанын көзкаранды эместигин жарыялаган. 1941-44-ж. немецтик концлагерде отурган. 1945-47-ж. Батыш Украинада аракеттенген украиналык козголоң армиясын Германиядан жетектеген. Атайы уюштурулган террордук актынын натыйжасында өлтүрүлгөн.

Бандера Степан Андреевич
Эстелик Бандера Степан, Тернополь

Колдонулган адабияттар түзөтүү