Стереоскоптук сүрөттөлүш

Стереоскоптук сүрөттөлүш – объектилердин мейкиндиктеги өз ара жайланышын жана өз формаларын көлөмдүк (үч өлчөмдүү) кылып көрсөтүүчү сүрөттөлүш.

Стереоскоптук сүрөттөлүштүн көлөмдүүлүгү бинокулярдуу стереоэффект менен шартталган. Стереоэффект бир эле объектини эки көз менен кароодо пайда болот. Анткени эки көз бири биринен алыс жайланышып, объект эки чекиттен байкалат. Эки көздүн көргөн сүрөттөрү адамдын аң-сезиминде автоматтык түрдө бириктирилүү менен натыйжалоочу мейкиндиктин көлөмдүү сүрөттөлүшү пайда болот.

Стереотүгөй жана көп ракурстуу Стереоскоптук сүрөттөлүшкө айырмаланат. Стереотүгөй Стереоскоптук сүрөттөлүш байкоочунун түрдүү абалында өзгөрбөөчү объектинин эки абалы кайтадан калыбына келтирилет. Бул учурда мейкиндиктик сүрөттөлүштүн көрүнүүчү тереңдиги байкоочу менен сүрөткө чейинки аралыкка көзкаранды. Байкоочу сүрөттөлүшкө жакындаганда бул тереңдик азаят. Объектинин ар бир абалын айрым кароо стереоскоптун жардамы менен жүргүзүлөт. Мында түстүү жана поляризациялык жарык чыпкалары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү