Стефан Ламбиел
Стефан Ламбиел (фр. Stéphane Lambiel; 1985-жылы 2-апрелде Валэ кантонундагы Мартини шаарчасында төрөлгөн) - Суисс көркөм муз тебүүчүсү жана хореографы. Ал Дүйнөнүн эки жолку (2005–2006) Чемпиону/0}, 2006-жылкы Олимпик оюндарынын күмүш медалисти, эки жолку (2005, 2007) Гран При Чемпиону жана Суисс улуттук тогуз жолку (2001–08, 2010) чемпиону. Ламбиел өзүнүн айлануулары менен белгилүү жана айлануудагы бир нече абалды жайылткан киши катары таанылган.
Ал жука чурайынын (бир санынын кыймылдатуучу булчуңунун) жаракатынын айынан муз тебүү мелдештеринен кеткени тууралуу 2008-жылы 16-октябрда жарыялаган.[1] Бирок 2009-жылы 25-июлда ал муз тебүү мелдештерине кайтып келип, Ванкувердеги 2010-жылкы Кышкы Олимп оюндарына квалификацияланууга аракет кыларын айтат. 2010-жылдын 9-мартында ал мелдештерден кайрадан кетээрин жарыялайт.[2]
Жеке турмушу
түзөтүүЛамбиел Суитзеленддин Саксонунда өскөн. Анын Сильвия аттуу эжеси (1982-жылы төрөлгөн) жана Кристоф деген иниси (1989-жылы төрөлгөн) бар. Ламбиелдин энеси Португез. Ата-энеси 1999-жылы ажырашып кеткен.[3] Ламбиел Суитзеленддин Лозан шаарында жашайт жана биология жана химия боюнча өзүнүн жетилүү аттестатын ("maturité") 2004-жылы июнда алган.[4]
Ламбиел Франса, Герман (Суисс Герман эмес), Инглиш, жана Португез тилдеринде куюлуштуруп сүйлөй алат. Ал Италиан тилин үйрөнүп жатат.[5]
Анын кокустаган эки тизеси тең кайра-кайра сезгенип, аны көрсөтмө оюн-зооктордон жана машыгуу убактысынан калтырып келсе да, бул көйгөйлөрдүн дабасы 2009-жылы табылган.[3] Башка көп көркөм муз тебүүчүлөрдөй болбой, Ламбиел сааттын жебеси боюнча да, тескери багытта да айлана жана секире алат.[6] Ал багытын улам-улам алмаштырып, эки сыйра айланып аксел секире алат, бирок мындай машыгууларын токтоткон.[6]
2008-жылы берген интервьюсунда Алексей Мишин аны "көрүнүктүү артист жана айлануунун генийи" деп атап, анын кеткенин "оркойгон жоготуу" деп кошумчалаган".[7] Мишиндин сөзү боюнча, Ламбиелди "учурдагы көркөм муз тебүүнүн эрежелери чектеп койгон".
Эмгек жолу
түзөтүүАлгачкы жылдар
түзөтүүЛамбиел эжесин көрүп алып анын артынан жети жашынан баштап Суитзеленддин Саксон кыштагында муз тебе баштаган.[6][3] Энеси аны хоккей ойносун дегени менен, ал секирүүгө көбүрөөк кызыкчу.[6] Ал сегиз жашынан баштап машыктыруучу Питер Грүттер менен иштеш үчүн Женевага жүрүк менен бир жарым саат жол жүрчү жана он жашында үч айланып тоулуп секирген.[6]
Ошол убакта Суитзеленддин балдар арасындагы улуттук биринчилигин утуп алган Ламбиел Лозаннада өткөн 1997-жылкы Дүйнө Биринчилигинде галага чыгып өнөр көрсөткөн.[3] Кийинки эки жылы ал өспүрүмдөрдөн улуттук чемпион болгон жана өспүрүмдөр арасындагы Гран При айлампасында үч жыл өткөрүп, бул учурда эки медал утуп алган. Бир жыл машыгуунун кымбат турганынан (100,000 Суисс франкы), анын ата-энеси 1999-жылы ажырашып кеткенден кийин анын кыштагы чыгымдарды көтөрүш үчүн күйөрмандар клубун уюштурган.[3] Ламбиел чоңдор арасындагы биринчи улуттук наамын 15 жашында, 2001-жылы утуп алган. Ал чоңдор арасындагы дебютун 2001-жылкы Европа Биринчилигинде онунчу болуп жасап, 2001-жылкы Дүйнөлүк Өспүрүмдөр Биринчилигинде бешинчи орунду алган.
Кийинки сезондо Ламбиел чоңдорго аралашып, өмүрүндөгү биринчи чоңдор арасындагы Гран При - 2001-жылкы Трофи Лаликте (Trophée Lalique) 6-орунду алган. Суисс муз тебүү федерациясы эгер ал 2002-жылкы Европа Чемпионатында жогорку он эки орунга кирсе, аны Солт Лейк Ситидеги 2002-жылкы Кышкы Олимп оюндарына жиберебиз деп ага айтышкан. Ламбиел төртүнчү орунду алып, Олимп оюндарына жиберилген, ал жактан он бешинчи болуп кайткан. 2002-жылы Дүйнөдө ал он сегизинчи болгон.
Андан кийинки сезондо Ламбиел 2003-жылкы Европада бешинчи орунду алып, Дүйнөдө онунчу орунга көтөрүлгөн. 2003-2004 сезонунда ал 2004-жылкы Европа Чемпионатында алтынчы, 2004-жылкы Дүйнөлүк Чемпионатта төртүнчү болгон.
2004–2005 сезону
түзөтүүЛамбиел 2004–2005 ISU Гран При сезонуна жаракаттарынын айынан катышпай калганга мажбур болгону менен, 2005-жылкы Европа Чемпионатында 4-орунду алганга жетишкен.
Орусиянын Москва шаарында өткөрүлгөн 2005-жылкы Дүйнө БиринчилигиндеЛамбиел квалификациялык айлампа менен кыска програмдан кийин Евгений Плющенконун алдында келе жаткан. Плющенко ошондо жаракаты менен мелдештен баш тарткан. Эркин програмда биринчи Дүйнөлүк Чемпиондук титулун утуу үчүн Артур Падыша тасмасынын үн жолуна муз тебүү менен Ламбиел эки жолу төрт айланган тоулуп секирип, жалпысынан эле күчтүү оюн көрсөткөн;ошондой эле бул анын ISU тааныган мелдештердеги биринчи медалы да болгон. 1947-жылы бул иш-чараны утуп алган Ханс Гершуилерден (Hans Gerschwiler) кийинки биринчи Суисс киши болгон.
2005–2006 сезону
түзөтүүЛамбиел Гран При баскычтарынын экөөнөн тең күмүш медаль утуп алып Гран При финалынан жеңген. Ал Франциянын Лион шаарында 2006 Европа Чемпионатында экинчи - Плющенкодон кийин - болгон. Ламбиел Италиянын Турин шаарында өткөн 2006 Олимп Оюндарына медаль утууга чоң шанс менен киришкен. Кыска програмдан кийин ал үчүнчү жана узун програмдан кийин төртүнчү гана орунга ээ болгон, бирок бул башка атаандаштары жарыта мүдүрүлүп калганда күмүш медал алуу үчүн жетиштүү болгон. Ламбиел Олимп оюндарында үч айланма аксел аткарган эмес, бирок ал төрт айланма тоулуп-үч айланма тоулуп-эки айланма луп айкашын таза жасаган.
Плющенко 2006-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликке барбайын деп чечкендиктен, Ламбиел өзүнүн титулун коргоп калат деген көпчүлүктүн ою менен барган. Ал квалификациялык айлампадан кийин биринчи, кыска програмдан кийин төртүнчү жана узун програмда биринчи орунга жетишип, эки жолку Дүйнө Чемпиону болгон тарыхтагы биринчи Суисс муз тебүүчүсү болуп калган.
2005–06 сезонунан кийин Ламбиел Муз үстүндөгү Чемпиондор туруна катышкан.
2006–2007 сезону
түзөтүүЛамбиел 2006–2007 сезонун "Скейт Канадада" ал кыска програмдан кийин жетинчи болсо да, эркин тебүүдө биринчи орунду алып, жеңиш менен баштаган. Ал ошондой эле 2006 NHK Trophy мелдешине катышмак, бирок ден соолугуна байланыштуу деп окуянын так алдында баш тарткан.[8] Суисс Чемпионатына катышыш үчүн ал убагында сакайып, ал жерде өзүнүн жетинчи улуттук титулун жеңип алат.
16-январда Ламбиел "оту өчүп" калганын айтып, 2007-жылкы Европа Биринчилигине катышуудан баш тарткан.[9] Ал Жапандын Токио шаарында өткөн 2007-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликке катышуу үчүн мелдешке кайтып келген. Кыска програмдан Ламбиел үчүлүк акселден жыгылып, ошондой эле кылышы керек болгон төрттүк тоулуп-экилик тоулуп айкашынын биринчисин үч эле айланып алтынчы болуп келген. Узун програмды ал жакшыраак аткарып, эки төрттүк тоулуп жана үчтүк аксел секирген жана програм курамбөлүктөрү үчүн жогорку упайларды топтогон, ал эми айланууларынын үчөө төртүнчү деңгээлдеги катары бааланган. Ламбиел ошол кечте экинчи, ал эми жалпы жыйынтыгы боюнча Бриан Жубер (Brian Joubert) менен Дайсуке Такахашиден (Daisuke Takahashi) кийин үчүнчү болгон.
2007–2008 сезону
түзөтүү2007де Ламбиел Кытай Чөйчөгүн үчүнчү, ал эми Орусия Чөйчөгүн экинчи болуп аяктап, Гран При Финалына өткөн. Ал Дайсуке Такахашиден (Daisuke Takahashi) болгону 0.16 упай алдыда, 239.10 упай менен бул иш-чарадан мансабында экинчи жолу уткан.
Загреб шаарындагы 2008-жылкы Европа Биринчилигинде Ламбиел үчүлүк акселде жыгылып жана болгону үчүлүк тоулуп-экилик луп айкашын жасоо менен көңүл калтырарлык кыска програм аткарган; ал төртүнчү орунду алат. Ал Фламенко програмынан төрттүк тоулуп-экилик тоулуп-экилик луп айкашын аткаргып, програм компоненттери үчүн ошол убакта абдан жогору болгон 80 упай алуу менен узун програмды экинчи болуп аяктаган. Ал Чех Томаш Вернерден (Tomáš Verner) кийин болуп, экинчи Европа күмүш медалын утуп алган.[10]
Суедендеги Гетенбург шаарында өткөрүлгөн 2008-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликте Ламбиел кыска програмда үчүлүк акселден жыгылып, төрттүк тоулуптан колу жерге тийгендиктен, эркин муз тебүүгө бешинчи орунда кирген. Эркин муз тебүүдө ал үчүлүк аксел аракетинен эрте басып кеткен, айкаштагы төрттүк тоулуптан кайра колун такай койгон, жана жалгыз аткарылчу төрттүк тоулуптан басып кеткен. Жыйынтыгында ал бешинчи болгон.[11]
2008–2009 сезону
түзөтүүЛамбиел Ню Жерсидеги Уейнде Виктор Петренко (Viktor Petrenko) менен машыгыш үчүн Америка Кошмо Штаттарына көчүп барат.[1] Ал Канада жана Франстагы Гран При окуяларына бөлүштүрүлгөн, бирок экөөнөн тең баш тарткан.[1] 2008-жылдын октябрында ал жука чурайынын (бир санынын кыймылдатуучу булчуңунун) жаракатынын айынан мелдешүүчү муз тебүүдөн кетерин жарыялаган.[1] Анын сөзү: "Мен эң кыйын дарыгерлерге көрүнүүгө барып жүргөнүмө жети ай болду. Дагы эле ооруп жатат жана чындыгында эле мындай машыгууга болбойт. Мен көздөгөнүмө жетүүгө дарманым жок болду."[1] Ал Суитзеленд, Франс, Итали, Түштүк Корея жана Жапондогу көптөгөн шоуларда, ошондой эле Канаданын Муз үстүндөгү Жылдыздар турунда чыгып муз тепкен.
2009–2010 сезону
түзөтүүЛамбиел кайрадан Олимп оюндарында медал алуу үчүтү менен 2009-2010 сезонунда мелдешүүчү муз тебүүгө кайтып келген. Анын машыгуусу дагы эле кандайдыр бир деңгээлде кыйнаса да, анын айтымында ооруну көзөмөлгө алынып калган.[12] Ал сезонду 2009 Nebelhorn Trophy турниринен баштаган, ал Олимп оюндарында орду жок өлкөлөр үчүн өтүү мелдеши болгон.[13] Ламбиел кыска тебүүдө төрттүк тоу-луптан жыгылып, бирок айланууларынын баары үчүн төртүнчү деңгээл алып, 77.45 упай менен биринчи болгон. Ал 154.91 упай менен эркин тебүүдөн да уткан; ал төрттүк тоулуп-экилик тоулуп-экилик тоулуп айкашын жана үчтүк флик-үчтүк тоулуп айкашын аткарып, айланууларынын экөө төртүнчү деңгээл деп бааланган. Ал програм компоненттери үчүн мелдештин эки бөлүгүндө тең бийик упайларды алып, окуяны 232.36 упай менен утуп, 2010-жылкы Кышкы Олимп оюндарына Суитзелендди өткөргөн.
Ламбиел 2010 Суисс Чемпионатында тогузунчу улуттук наамын жеңип алат. Ал кыска програмда да, эркин тебүүдө да биринчи болуп, Жамал Отмандан (Jamal Othman) 44.78 упай артык 244.23 упай менен алтын медал утуп алган. Ал андан кийин Эстониянын Таллин шаарында өткөн 2010-жылкы Европа Биринчилигинде мелдешке катышып, ал жерде кыска програмда төрттүк тоулуп көйгөйлүү болгондуктан, 77.75 упай менен бешинчи болгон. Ал эркин муз тебүүдө секирик жасап, 160.79 упай менен күмүш медал утуп алган. Анын програм компоненттери үчүн алган 85.00 упайы ал кечте башкалардыкынан көп болгон.[14] Ал баары биригип 238.54 упай алган, бул жеңүүчү Евгений Плющенкодон (Evgeni Plushenko) 16.85 упай аз эле.
Ламбиел 2010-жылкы Кышкы Олимп оюндарында Суитзеленддин туу көтөрүүчүсү болгон.[15] Олимп оюндарында ал кыска програмда 84.63 упай менен бешинчи, ал эми эркин тебүүдө жаңы жеке бийиктиги - 162.09 упай менен үчүнчү болгон. Ал 246.72 упай менен медалисттер Эван Лайсачек (Evan Lysacek), Плющенко (Plushenko) жана Дайсуке Такахашиден {3}(Daisuke Takahashi){/3} кийин төртүнчү болгон .
Узун програмдан бир күн өткөндө Ламбиел мурдатан эле 2010-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликке катышпайм деп жүргөнүн жарыялаган.[16] Бир нече жума өтүп, ал мелдештерден биротоло кетерин жарыялаган.[2]
Кесипкөй катары эмгек жолу
түзөтүүЛамбиел 2010-жылдын 9-мартында мелдештен кетерин жарыялагандан кийин 2010-жылдын 19-мартында обого чыккан ABC каналынын жаңы "Thin Ice" ("Жука муз") муз тебүү түрмөгүндө мелдешке катышкан. Ал Шизука Аракава (Shizuka Arakawa) менен түгөй болуп, экөө үчүнчү болуп, жалпысынан $45,000 утуп алган. Алар Бейонсенин (Beyoncé) "Get Me Bodied" жана Robin Thicke "Magic" ырларына жылгаяк тебишкен. Бул шоуга катышканынын натайжасында ал Эл Аралык Муз Тебүү Бирлигинин (ISU) мелдештерине катышуу укугунан ажыраган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ISU ага Суитзелендде өткөн 2011 Европа Биринчилигинин көрсөтмө галасында чыгып муз тебүүгө уруксат берген.[17]
"Жука Муздан" кийин ал Брайан Жубер (Brian Joubert), Жони Уейр (Johnny Weir) жана Евгений Плющенко (Evgeni Plushenko) менен бир катарда Орусияда Муз үстүндөгү Падышалар шоусуна катышкан.[18]
Ал Суеден, Чыгыш Европа, Германия, Жапан, Кытай жана Түштүк Кореядагы, анын ичинде Ким Йу-На (Kim Yu-Na) баштаган Бардык ушул жылгаяк[19] жана Муз үстүндөгү Опера жылгаяк шоуларына да катышкан.[20]
Машыктыруучуларды алмаштыруу
түзөтүүЛамбиел 1995-жылдан 2007–2008 сезонуна чейин 2004-жылы кыска үзгүлтүк менен машыктыруучу Питер Грүттердин Peter Grütter[21] кол алдында машыккан. Ал негизинен Женева менен Лозанда машыккан. Женевада апрелден июнга чейин муз болбогондуктан, бул маалда ал Германияда (кээде Оберсдорфто) машыкчу.[6] Ал 11ге чыккандан (1996) бери анын хореографы - Саломе Брүннер (Salomé Brunner).[22][23] Ламбиел өзүнүн костюмдарын дизайндоого жалдамдашат.
2008-жылы 6-июнда, Ламбиел машыктыруучу Питер Грүттерден (Peter Grütter) кетип, Виктор Петренко (Viktor Petrenko) жана Галина Змиевская (Galina Zmievskaya) менен иштешиш үчүн Ню Жерсиге көчүп кетерин жарыялаган.[24] Алар аны 2008-жылдын июнунан октябрда спорттон кеткенче машыктырышкан. 2009-жылдын июлунда мелдешке кайтып келгени тууралуу жарыялаганда, ал Суитзелендде кайраданПитер Грүттерде машыгарын айткан.[25]
Коомдук турмушу жана колдоо
түзөтүүЛамбиелдин Суитзелендде көп демөөрчүлөрү бар. 2007де ал Spin Master (Айлануу Чебери) аттуу Суисс саатын дизайндаган.[26]
Ламбиелдин демөөрчүлөрүнүн катарында [27] Ford Motor Company, Hublot жана Swisscom бар.
2007-жылы Ламбиел {Жапанда[28] 1}Fuji Xerox компаниясынын сыналгы жарнагына жана Суисс Дыйкандарынын өнөктүгүнө катышкан.[29]
Ал негизинен Суитзеленддин Лозан жана Зюрик шаарларында өткөрүлүүчү муз шоусу "Муз үстүндөгү Өнөрдүн" топбашыларынын бири.
Ал ошондой эле Колумбиянын жетишпеген балдары үчүн үй-жай жана мектеп куруу менен алектенген ӨЭУ Moi pour Toit ишине катышат.
Хореограф катары эмгек жолу
түзөтүүЛамбиел хореограф катары да эмгек жолун баштаган[30][31] Булар үчүн бий койгон:
Програмдары
түзөтүүQuidam by Cirque du Soleil |
Born by Bond | ||
2000–2001 | La Cumparsita by Xavier Cugat |
Triton by Joseph Racaille |
|
---|---|---|---|
1999–2000 | La Cumparsita by Xavier Cugat |
Triton by Joseph Racaille |
Мелдештердеги баскычтар
түзөтүү2001ден кийин
түзөтүүИш-чара | 2001–02 | 2002–03 | 2003–04 | 2004–05 | 2005–06 | 2006–07 | 2007–08 | 2009–10 |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Кышкы Олимп Оюндары | 15 | 2 | 4th | |||||
Дүйнө Чемпионаттары | 18th | 10th | 4th | 1st | 1st | 3rd | 5th | |
Европа Чемпионаттары | 4th | 5th | 6th | 4th | 2nd | 2nd | 2nd | |
Суисс Чемпионаттары | 1st | 1st | 1st | 1st | 1st | 1st | 1st | 1st |
Гран При Финалдары | 1st | 1st | ||||||
Кытай Чөйчөгү | 2nd | 3rd | ||||||
Орусия Чөйчөгү | 5th | 2nd | 2nd | |||||
Skate Canada International | 1st | |||||||
Trophée Lalique | 6th | |||||||
Nebelhorn Trophy | 1st | |||||||
Ondrej Nepela Memorial | 1st | |||||||
Finlandia Trophy | 11th | |||||||
Les Etoiles de la Glace | 1st | |||||||
Ламбиел 2008-2009 сезонунда мелдешке катышкан эмес WD = Баш тартуу (Withdrew) |
2001ге чейин
түзөтүүИш-чара | 1996–97 | 1997–98 | 1998–99 | 1999–00 | 2000–01 |
---|---|---|---|---|---|
Европа Чемпионаттары | 9th | ||||
Дүйнөлүк Кичи Чемпионаттары | 10th | 5th | |||
Суисс Чемпионаттары | 1st N. | 1st J. | 1st J. | 1st | |
Кичи Гран При, Mexico | 2nd | ||||
Кичи Гран При, France | 8th | 9th | |||
Кичи Гран При, Norway | 7th | ||||
Кичи Гран При, Жапон | 3rd | ||||
Кичи Гран При, Кытай | 8th | ||||
Европа Жаштар Олимп Фестивалы | 2nd J. | ||||
Triglav Trophy | 1st N. | 3rd N. | |||
N. = Балдар баскычы; J. = Өспүрүмдөр баскычы |
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedretire08
- ↑ 2.0 2.1 Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedLambiel à la retraite
- ↑ 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedabsk120402
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedhldon
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedorbite
- ↑ 6.0 6.1 6.2 6.3 6.4 6.5 Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedgs070903
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedloss
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named06nhk
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named07euros
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named08euros
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedgs03222008
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedswissnat2009
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named09nebelhorn
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named2010euro
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedflagbearer
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named2010wch
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedisintpreview11
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedkoi2010
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedats2010
- ↑ 20.0 20.1 Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedabsk111017
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named09grutter
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named05grunnerpt2
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedbrunner2009pt1
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namednewjersey
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedaoi090725
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedwatch
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedsponsors
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedxerox
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedsfuc
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedabsk41211
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedlematin
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedkostner
- ↑ Biography. International Skating Union. Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2011.
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs nameddreamteam
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedabssknov22010
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "retire08" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "Lambiel à la retraite" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "hldon" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "orbite" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "gs070903" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "loss" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "06nhk" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "07euros" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "08euros" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "gs03222008" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "swissnat2009" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "09nebelhorn" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "2010euro" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "flagbearer" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "2010wch" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "isintpreview11" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "koi2010" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "hyundai" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "ats2010" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "absk111017" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "09grutter" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "05grunnerpt2" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "brunner2009pt1" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "newjersey" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "aoi090725" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "watch" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "sponsors" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "xerox" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "sfuc" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "absk41211" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "lematin" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "dreamteam" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "abssknov22010" defined in <references>
is not used in prior text.
Цитатанын катасы: <ref>
tag with name "kostner" defined in <references>
is not used in prior text.
<ref>
tag with name "absk120402" defined in <references>
is not used in prior text.Тышкаркы шилтемелер
түзөтүү- Official Website
- Калып:Isu name
- Stéphane Lambiel. IceNetwork.com. Текшерилген күнү 26 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 20 Апрель 2013.
Калып:NavigationWorldChampionsFigureSkatingMen Калып:NavigationGrandPrixFinalChampionsFigureSkatingMen Калып:NavigationSwissChampionsFigureSkatingMen