Стивен Жон Карелл (англ. Steven John Carell, айтылышы: /kəˈrɛl/; 1962-жылы 16-август) - америкалык актер, куудул, режиссер, продюсер жана жазуучу. Карелл "Кеңсе" (англ. The Office, 2005–2011) телесериалдын америкалык версиясында Майкл Скоттун ролун аткарганы менен таанымал, ошол эле учурда Карелл сериалдын маал-маалы менен болуучу жазуучусу, продюсери жана режиссеру болгон.

Карелл 1999-2005-жылдар арасы Жон Стүар алып барган The Daily Show телеберүүнүн кабарчысы богон. Карелл тартылган тасмалар: "Телеалпаруучу: Рон Бургунди жөнүндөгү уламыш" (англ. Anchorman: The Legend of Ron Burgundy, 2004), "Тажрыйбасыз кырк жашар" (англ. The 40-Year-Old Virgin, 2005), "Кудуреттүү Эван" (англ. Evan Almighty, 2007), "Акылдуу бол" (англ. Get Smart, 2008), "Обу жок акылсыз сүйүү" (англ. Crazy, Stupid, Love, 2011), "Бөрт Уандерстоун" (англ. The Incredible Burt Wonderstone, 2013) жана "Артка-артка жол" (англ. The Way, Way Back, 2013). Карелл "Токой козголоңчу топ" (англ. Over the Hedge, 2006), "Хортон" (англ. Horton Hears a Who!, 2008) жана "Кара мүртөз ууру" (англ. Despicable Me, 2010–2017) мультфильмдерде каармандардын үндөрүн коштогон.

Карелл Life журналында "Американын эң күлкүлүү адамы" наамынын талапкери болгон жана "Кеңсе" телесериалынын биринчи сезонунда аткарган ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыктын "Телесериалда, мюзиклде же күлкүлүү окуялуу тасмада тартылган эң мыкты актер" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. "Түлкүгө аңчылык кылуу" (англ. Foxcatcher, 2014) драмада күрөш тренери жана айыпталган өлтүрүүчү Жон Элүтер Дүпонду аткарган ролу актерго бир канча сыйлыктарды алып келген, алардын ичинде "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясынын талапкерлиги жана BAFTA сыйлыктын "Эң мыкты экинчи пландагы актер" номинациясынын талапкерлиги. Актер ошондой эле "Кичинекей күн шооласы" (англ. Little Miss Sunshine, 2006) жана "Чоң кыскартуу" (англ. The Big Short, 2015) тасмаларда аткарган ролдору жогору бааланган жана акыркы тасма үчүн актер "Алтын глобус" сыйлыктын сегизинчи номинациясына талапкер болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү