Стратосфера
Стратосфера (stratosphere) – 18ден 60 кмге чейинки бийиктиктеги жер атмосферасынын областы. Тропосфера менен мезосферанын ортосундагы катмар. Бул үч катмар биригип гомосфераны түзүшөт. Стратосферанын температурасы негизинен бийиктеген сайын жогорулайт: төмөнкү бөлүгүндө температура –45оСден –75°Сге чейин, жогорку катмарында –55°Сге чейин жетет. Стратосферада суу буусу аз, булут жок, бийиктеген сайын озон көбөйөт.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/d/d3/Atmosphere_layers-ru_ky.svg/170px-Atmosphere_layers-ru_ky.svg.png)
Кошумча макалалар
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
- Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов