Стрептококкоз - коёндун жана канаттуулардын микроб пайда кылчу ылаңы.

Стрептококкоз ылаңын илдеттүү коёндор жана канаттуулар таратат, булганыч тоют жана буюм-кечектен да жугат. Стрептококкозду пайда кылуучу микробдор организмге теридеги жара аркылуу кирип, тез көбөйө баштайт да, канга тарайт, канда ирин аралаш микроб көбөйөт. Дарттуу канаттуулардын көзүнүн кычыктарынан жаш куюлуп, муундары сезгенет, көпчүлүк учурда шал болот. Стрептококкоз ылаңы коёндордо өтө тез өөрчүп, өлүм-житимге коп учур атат. Ыландын диагнозу клиникалык жана патология-анатомиялык белгилердин, бактериол. изилдөөлөрдүн негизиндө коюлат. Дары катары антибиотиктер, сульфаниламид дары-дармеги колдонулат. Ылаңды алдын алуу үчүн шалпы вет.-санитариялык эрежелерди сактоо зарыл. Дарт чыккан короо сарайлар 2%түү карбол, лизол, креолин менен дезинфекцияланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.