Студия (латынча studium – сабак өтүлүүчү жер) – көркөм сүрөт искусствосунда – 1) негизги кесиптик жумушунан ажыратпай туруп окутуучу окуучулардын кеңири чөйрөсүнө эсептелген жөнөкөй типтеги атайын мектеп. Революцияга чейинки Россияда студиялар эреже катары, кээ бир сүрөтчүлөрдүн жекече иши болгон. Советтер Союзу учурунда студияларды уюштуруу массалык көрүнүшкө айланган жана ири өндүрүштүк ишканаларда жана мекемелерде уюштурулган. Студиялар чоң тарбиялык жана көркөм-практикалык мааниге ээ болгон. Кээде бул студиялардын ишмердиги катардагы студиялык иштерден алыс өсүп чыккан. 2) график, скульптор, живописчинин студиясы. Бул мааниде термин аз колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү