Субакожоева Чолпон Темирбековна

Чолпон Темирбековна Субакожоева (09.12.1970) – кыргыздын заманбап журналист, публицист, акын, манас таануучу айымдарынын бири.

Манас таануучу Чолпон Субакожоева Нарын мамлекеттик университетиндеги Жусуп Мамайдын мурасына арналган эл аралык илимий жыйында. 29.05.2015.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Чолпон Темирбековна Субакожоева 1970-жылы 9-декабрда Кыргызстандагы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы – Темирбек Субакожоев (1942-жылы туулган). Энеси – Жумабүбү Жумадилова (1948-жылы туулган).

Чолпон Субакожоева 1986-жылы ушул айылдагы Кызыл-Аскер орто мектебин аяктаган.

Чолпон Субакожоева 1987-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине тапшырып, аны 1992-жылы бүтүргөн.

2013-жылы КРнын Дипломатиялык Академиясынын Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.

1992-99-жж кыргыз улуттук компьютердик гимназиясында окуу бөлүмүнүн башчысы.

1999-2002 жж “Кыргыз-Туусу” газетасында кабарчы,

2000-2003жж. “Эркин Тоо” гезитинде кабарчы,

2005-2006-жж. “Кыргыз-Туусу” газетасында бөлүм башчы болуп эмгектенген.

2007-2010-жж. КР Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын консультанты болуп иштеген.

Илимий чыгармачылыгы түзөтүү

Учурда Чолпон Субакожоева Кытайдагы кыргыздардын "Манас" дастанын айтуу салтынын тарыхын иликтеп келет.

Жарык көргөн чыгармалары түзөтүү

Өзүнүн көркөм чыгармалары түзөтүү

2012-жылы Залкар Манасчы Жусуп Мамайдын өмүр баяны боюнча “Кылым жаштуу биздин замандын манасчысы Жусуп Мамай” китеби, о.э. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим” эпосторун редакциялап кириллицада жарык көргөн.

Кыргызстанда биринчи жолу поэма-панорама “Бул кимдин башы...?” чыгармасы жарык көргөн.

Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун феноменин изилдеген биринчи жарык көргөн Айтматовдун үзөнгүлөш досу Казат Акматовдон так далилдүү маалыматтар менен “Ачуу чындык, акыйкат сөз” атуу китебинин биринчи бөлүгү жазуучунун 85 жылдыгына жарык көрдү. Экинчи бөлүгү басмага берилген.

Кытайлык боордошубуз Айтматов изилдөөчү Абдыкерим Алымжан менен бирдикте Жунгодогу Айтматов чыгармаларынын которулушу жана изилдениши боюнча китеп даярдады. “Ысык-Көл форумунда” доклад жазалды.

  • “Кудайдан “лицензия” алгандар”, 2009;
  • Орус тилинде “Не дай бог жить в эпохи перемен”, 2010 ырлар жыйнагы:
  • “Деңизди ойготкон шамал”: ырлар жыйнагы. - Бишкек, 2006;
  • “Бактылуу болууга акым бар”: ырлар жыйнагы. - Бишкек, 2008.
  • “Чолпонбай, Эрдикке таазим”, 2007;
  • “Турсунбек Акун баскан жол”, 2008,
  • “Турсунбек Акун баскан жол - 2”. – Бишкек, 2009.

Котормолору түзөтүү

  • Казак тилинен кыргызчалаган китептери:
  • Абен Нурманов “Ырда жүрөк” 2006; “Сагыныч”,2006;
  • Есенгали Раушанов, “Жүрөгүмдөсүң, ак илекилек”, 2009;
  • “Жалгыз жалбырак термелип, жүрөгүмдү эзбечи...”, 2009-ж.
  • Улукбек Есдаулетов “Журогум махаббаттын астанасы” 2010-ж.
  • Беккал Абиш казак тилинен “Намыс”, “Туüгуюк”, о.э. Иса Омар “Бүтпөгөн ыр” китептери кыргызча которулуп, 2013-жылы жарык көргөн.

Даректүү тасма түзөтүү

2010-жылдагы Ош окуясын “Олжас сен издеген бакыт кайда?” аттуу даректуу тасма тартып, адам укуктарын коргоо күнүндө Акыйкатчынын медалы менен сыйланган.

Бүгүнкү күндө Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына даректүү тасма тартуунун үстүндө иш алып барууда.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин Ардак грамотасы менен 2006-жылы,

  • Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы (2006-жылы)
  • “Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери” (2009) төш белгиси менен сыйланган.
  • “Мустафа Кемаль (Ататүрк)” Эл аралык кайрымдуулук фондунун илим жана маданият боюнча сыйлыгынын лауреаты (2007)
  • “Мустафа Кемаль (Ататүрк)” Эл аралык кайрымдуулук фондунун Алтын медалы (2006) жана Ардак грамотасы (2005) менен сыйланган.
  • Талас облустук мамлекеттик Администрациясынын Ардак грамотасы менен (2006) сыйланган.

Ал жарыялаган эмгектердин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Субакожоева, Ч. Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) [Текст] / Ч. Т. Субакожоева. Илимий ред. проф. Т. К. Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б. - ISBN 978-9967-04-633-7.
  • Субакожоева Ч.Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун варианттарынын сакталуусу жана этнографиялык маалыматтары:(Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында). - 07.00.07 - этнография, этнология жана антропология. - Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. - Бишкек, 2015. - 26 бет.
  • Субакожоева, Ч. Т. Жүсүп Мамай: манасчынын тарыхый чындыгы [Текст] / Ч. Т. Субакожоева. - Бишкек, 2013. - 55 б.
  • Субакожоева, Ч. Т.Жүсүп Мамай – тарыхый инсан [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. – 2013. – Атайын чыгарылыш. – 2-бөлүк. -172-177-б.
  • Субакожоева, Ч. Т. Жүсүп Мамай: экинчи өмүрдүн башаты [Текст] / Ч. Т. Субакожоева. - Бишкек, 2014. – 164-б.
  • Субакожоева, Ч. Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун тарыхый булак катары мааниси [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // Кыргыз жана Карахандар каганаттары: Көөнөрбөс издер: III эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындагы баяндамалар жыйнагы. - Бишкек, 2014.-325-328-б.
  • Субакожоева, Ч. Т.«Манас» - жан дүйнөнүн аруулугу [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. - 2013. – 222-224-б.
  • Субакожоева, Ч. Т. «Манас» эпосунун Кызыл-Суу кыргыздарында изилдениши [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // Жүсүп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык кыргыз залкар манасчысы Жүсүп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому. - Бишкек, 2014.- 242-244-б.
  • Субакожоева, Ч. Т. Некоторые проблемы в изучении эпоса «Манас» [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // Вестник. Казахский национальный педагогический университет имени Абая. - Серия «Начальная школа и физическая культура». - Алматы, 2014. - №1 (40). – С. 90-92.(URL: http://kaznpu.kz/docs/Nshfk_1_40_2014.pdf)
  • Субакожоева, Ч. Т. Уруктанган улуу сөз [Текст] / Н. Рысмендеева, Ч. Т. Субакожоева // Кийик болбой, бийик бол: Залкар ойчул, төкмө акын, музыка устаты Арстанбек Буйлаш уулунун (1824-1878) 190 жылдыгына арналган жыйнак. – Бишкек, 2014. – 150-152-б. (Калемдеш менен).
  • Субакожоева, Ч. Т. Биздин замандын кылым жаштуу манасчысы Жүсүп Мамай: [Текст] / М. Тентимишев, Ч. Т. Субакожоева. – Бишкек: Турар, 2012. – 202 б. (Калемдеш менен)
  • Субакожоева, Ч. Т. Кытай Эл Республикасында «Манас» эпосунун изилдениши [Текст] / Ч. Т. Субакожоева // Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалар жыйнагы. 2013-жылдын 15-16-ноябры, Бишкек ш. – Бишкек, 2014. - 451-458-б.
  • Субакожоева, Ч. Т. Жүсүп Мамайдын вариантындагы кыргыздын каада-салттары [Текст] / Н. Рысмендеева, Ч. Т. Субакожоева. -Бишкек, 2013.-36 б.(Калемдеш менен)

Ал тууралуу адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Сүрөт баян түзөтүү

 
Кытайдагы кыргыз окумуштуулары, профессорлор Макелек Өмүрбай (оңдо) менен Мамбеттурду Мамбетакун (солдон экинчиси) "Манас" таануу боюнча эл аралык жыйын маалында Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манас" вариантынын Бишкектеги басылышын белекке алууда. Оңдон экинчи - Чолпон Субакожоева, солдо - Т.Чоротегин. Үрүмчү шаары, КЭР. 24.10.2015.