Мырзакан Субанов

Субанов, Мырзакан Усурканович‎»‎ барагынан багытталды)

Субанов Мырзакан Усурканович (1944-ж. т., Талас району, Таш-Төбө айылы) — генерал-лейтенант (1994).

Субанов Мырзакан Усурканович

1966-ж. Ташкендеги командирлерди даярдоочу жогорку окуу жайын бүтүрүп, 1966—74-ж. Орто Азия аскер округунда кызмат өтөгөн.
1974—77-ж. М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясында окуган.
1977—82-ж. Чехословакиядагы борбордук аскер тобунда полктун командири, дивизиянын командиринин орун басары.
1984-ж. Генштаб академиясын бүтүргөн.
1984—87-ж. Балтика бою аскер округунда дивизиянын командири.
1987—89-ж. Ооганстан Республикасында корпустун командиринин кеңешчиси.
1989—91-ж. Ленинград аскер округунун корпусунун командири.
1991-ж. июль айынан Түркстан аскер округунун штабынын начальнигинин биринчи орун басары.
1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Коргоо комитетинин штабынын начальниги, комитеттин төрагасынын 1-орун басары, 1993-ж. июлдан төрага.
Кызыл жылдыз, Ата мекенге кызмат кылганы үчүн III даражадагы, Ооганстан Республикасынын Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.