Субстантивация (лат. substantivum - зат атооч) - башка сөз түркүмдөрүнө тиешелүү сөздөрдүн заттык мааниге, зат атооч классына өтүшү.

Субстантивация ар кандай даражада болот: толук Субстантивация (сөздү заттык мааниден башка мааниде колдонууга мүмкүн эместик -

кесинди, талапкер, замандаш); толук эмес Субстантивация (сөздү заттык мааниде да, өзүнүн нагыз лексикалык маанисинде да колдонуу мүмкүнчүлүгү- акылдуу, намыскөй); окказионалдык Субстантивация (сөздү конкреттүү кырдаалда же конкреттүү контекстте гана заттык мааниде колдонуу). Толук жана толук эмес Субстантивация тилдик көрүнүштөр, окказионалдык Субстантивация кептик көрүнүш болуп саналат.

Субстантивация сөз жасоонун морфологиялык-синтаксистик түрүнө кирет, конверсия процесси ишке ашат, мында субстантивдер (Субстантивациянын натыйжасында пайда болгон зат атоочтор) атайын сөз жасоочу аффикске ээ болбойт.

Кыргыз тилинде сын атоочтор, сан атоочтор, атоочтуктар көбүрөөк субстантивдешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4