Субстрат (лингвистика) (лат. sub – астында, лат. stratum - катмар) – тигил же бул тилдин ички мыйзамдарына туура келбеген жана белгилүү лингвогеографиялык аймакта мурда таралган тилге мүнөздүү, тиешелүү болгон тилдик белгилердин жыйындысы.

Субстрат кабыл алуу, өздөштүрүүлөрдөн айырмаланып, жергиликтүү эл менен келгиндердин этникалык аралашуусун жана тилдик ассимиляциясын көрсөтөт. Жеңүүчү тил катары тектеш тил да, тектеш эмес тил да саналышы мүмкүн. Субстраттын көрүнүштөрү тилдик системанын бардык деңгээлдеринде: фонетикадан лексикага чейин тилге кирген бирдиктер жана категориялар түрүндө же жеңүүчү тилдин системасында жеңилген тилдин диахрондук мыйзамдары менен шартталган тарыхый өзгөрүүлөрүнүн спецификалык процесстери түрүндө кездешет. Субстрат теориясына 19-к. Я.Бредсдорф тарабынан негиз салынып, Г.И.Асколи, Г.Шухардт, андан кийин В.Брендалем, А.Мейе, О.Есперсен, Б.А.Таррачини, И.А.Бодуэн де Куртэне, А.А.Шахматов тарабынан өнүктүрүлгөн.

Субстрат теориясы индоевропеистиканын тарыхында көрүнүктүү роль ойногон. Азыр да башка тил топторун изилдөөдө кеңири колдонулат. Кээде "Субстрат" термини тар мааниде адабий тилдин вариантын же идиолектини мүнөздөөдө пайдаланылат.

"Субстрат" түшүнүгү лингвистикада суперстрат жана адстрат түшүнүктөрүнө караганда кеңири колдонулууга ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4