Сугат ― ным жетишсиз талааларга суу жеткирүү жана топурактын нымын көбөйтүү; мелиорациянын бир түрү.

Сугат

Сугат тех., агротех. жана уюштуруу-чарб. чаралар комплексинен турат да, топурактагы суу режимин жакшыртып, өсүмдүк тканындагы сууну көбөйтөт; азык заттарды эритет. Топурактын жылуулук режими жана түшүмдүн сапаты онолот. Мөмө-жемиш ширеси, өсүмдүк уругунда май, буудайда белок көбөйөт, гозо буласы жакшырат. Туура Сугат режиминде топурактагы микробиол. процесстер, өзгөчө нитраттоо үчүн ынгайлуу шарт түзүлөт. Сугат кургак аймакта жерди жакшыртып, пайдаланууга мүмкүндүк берет, топуракты шорго айлануудан сактайт. Дүйнөдө 19-кылымдын башында 8 млн га, 20-кылымда 48 млн га сугат жер болгон.

Азыр ири жаны системалар курулуп же ондолуп, сугарылуучу жердин аянты улам кедейүүдө. Суу курулмаларын телемеханика менен башкаруу, суу бөлүштүрүү, эсепке алуу жана сугарууну автоматташтыруу, ачык каналды (арыктарды) куур, жабык ноо каналы менен алмаштыруу, каналды бетондоо, сугат ыкмасын туура пайдалануу ж. б. тех. чаралар өркүндөтүлүүдө.

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.