Судан тилдери

1) 20-кылымдын 1-жарымында африка таанууда судандагы тилдерди жалпы жонунан атоо үчүн алынган классификациялык термин. Мурда (1927жылга чейин) судан тилдеринин бир баба тилден чыккан, бир тил уясындагы тилдер деп эсептеген теория болгон. Ал теориянын туура эместиги 20-кылымдын 50-60-жылдарында америкалык окумуштуу Ж. Гринберг тарабынан далилденип, “судан тилдери” термини баштагы илимий маанисинде колдонулбай калды. Анткени теги бир эмес нилот, манде дегендей тилдер деле судан тилдери катары эсептеле берген.

2) Африка тилдеринин азыркы генеалогиялык классификациясында “чыгыш судан тилдери” жана “борбордук судан тилдери” деген терминдер колдонулат. Чыгыш судан тилдерине нилот тилдери, нубий, бареа, мурле-дидинга-мекан, темейн, ньима-афитти, мерариттама жана даго тилдери (балким ньянгыья жана теусо тилдери да). борбордук судан тилдерине багирми, крейш, бинга, мору-мади, мангоету, мангбуту, жана ленду тилдери кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9