Суицид (жанкыйуу) (лат. suicid ) – өзүнүн жанын кыюу деген эле сөз, өзүн өзү өлтүрүү[1].

Дүйнөдө ар бир 40 секундда бирден адам өз жанын кыят. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 700 миң адам жашоодон аша кечкенин эсептеп, жылына суицидден ВИЧ, безгек, эмчек рагы же болбосо согуштан да көп адам көз жумарын маалымдады.15 жаштан 29 жашка чейинки жаштар арасында жол кырсыгы менен суицидден каза болгондор басымдуу. Дүйнөдөгү ар бир 100 өлүмдүн бирөө өзүнө салгандыкы.[2]

Суициддин себептери түзөтүү

Психоаналитиктер суицидге баргандардын баары эле стресс болуп, депрессияда жүргөн деп айтуу туура эмес дешет. Суициддин себептери Ө ар кандай болушу мүмкүн.[3]

Социалдык, экономикалык себептер:

  • жакырчылык;
  • ата-эненин мээримине куру калгандар;
  • жылуу сөз укпай көңүл бурулбай, өзү менен өзү чоңойгондор.

Психологиялык себептер:

  • зомбулук;
  • психикалык травма;
  • куугунтукка, кемсинтүүгө учуроо;
  • жалгыздык.

Психопатологиялык себептер:

  • тукум куучулук;
  • психикалык ар түрдүү оорулар (шизофрения, галлюцинациялар ж.б.

Суицидге барууну көздөгөн адамдагы белгилер түзөтүү

  • Өзүн өлтүрүү тууралуу коркутуулар;
  • Өзүн жек көрүү сезими;
  • Үмүтсүздүк белгиси, келечекке ишенбөө;
  • Жалгыздык сезими;
  • Агрессия, ачуусу бат келүү;
  • Өмүргө коркунуч келтире турган заттарды сактоо (пестициддер, курал-жарак ж.б.);
  • Жакшы көргөн буюмдарын ар кимге таркатуу;
  • Өз жаназасы тууралуу сүйлөө;
  • Өзүн кескилөө, ден соолугуна зыян келтирүү;
  • Өлүм тууралуу көп айтуу;
  • Маанайынын кескин өзгөрүшү;
  • Өзүн башкаларга жүк болуп жатам деп күнөөлүү сезиши.

Суициддин алдын алуунун эл аралык күнү түзөтүү

2003-жылдан бери дүйнөлүк суициддин алдын алуу биримдиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 10-сентябрды суициддин алдын алуунун эл аралык күнү катары белгилеп келет. 2011-жылы 40 өлкө бул демилгени колдоп чыккан. Эл аралык байкоолорго ылайык жарандары өз жанын көп кыйган өлкөлөрдүн сап башында Орусия, Казакстан, Жапония, Кытай, АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөр турат. Ошондой эле экономикасы өнүгүп келе жаткан Индияда да суициддин деңгээли жогору.

2016 жылы ошол малда Акыйкатчы бболгон Кубат Оторбаев Кыргызстанда 2016 жыл10-сентябрды “Суицидге каршы күн” катары мамлекеттик деңгээлде жарыялоону сунуштаган.

"Биз берип жаткан сунушта бул маселенин алдын алуу боюнча алты багыт камтылган. Алар өкмөт деңгээлиндеги көзөмөл, мектептерге психологдорду тартуу, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында кризистик борборлорду ачуу, Ички иштер министрлигинин алдында Балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгын түзүү, жергиликтүү башкаруу органдарында мигранттардын, оор шарттагы үй-бүлөнүн балдары менен иштешүү жана диний уюмдарды түшүндүрүү иштерине тартуу болуп саналат"[4], - деп билдирген акыйкатчы

Андарактагы өмүрү кыйылган аялдар түзөтүү

Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында 2023 жылы 10 аял өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган[5][6]. Бул айылдын калкынын саны 8 миңден ашат, айылдын тургундарынын басымдуу бөлүгүн тажик улутундагылар түзөт. Себептердин арасында үй-бүлөлүк чыр-чатактар, күйөөсү эмгек миграциясында жүргөндө аялдарга күйөөсүнүн туугандары тарабынан кысым көрсөтүү, психологиялык жактан оору. Өз жанын кыйган аялдырдын эң кичүүсү жыйырма жашта болсо, эң улуусу кырк үчтө болгон.[7]

Колдонулган адабият жана булактар түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  2. Бактыгүл Чыныбаева. Жанын кыйгандардын үнсүз кыйкырыгы. Азаттык, 10-Сентябрь, 2021. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstanda-zhashargan-suiside/31453369.html
  3. Бактыгүл Чыныбаева. Жанын кыйгандардын үнсүз кыйкырыгы. Азаттык, 10-Сентябрь, 2021 https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstanda-zhashargan-suiside/31453369.html
  4. Омбудсмен суицидке каршы күн жарыялоону сунуштап жатат. 4-Ноябрь, 2016 https://www.azattyk.org/a/28093308.html
  5. Лейлек: Андаракта он келин өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза болду. Азаттык, 7-Декабрь, 2023 https://www.azattyk.org/a/32719882.html
  6. Айгерим Акылбекова. Андарак: волна суицидов среди женщин. Азаттык, 25 декабря 2023. https://rus.azattyk.org/a/32743308.html
  7. Айгерим Акылбекова. "Мектепти бүтөрү менен турмушка чыкканга мажбур болушат". Азаттык, 20-Декабрь, 2023.https://www.azattyk.org/a/mektepti-buetoerue-menen-turmushka-chykkanga-mazhbur-bolushat-andaraktagy-oez-zhanyn-kyygan-ayaldar-/32736883.html