Сүйүнтбек Бектурсунов

Өмүр жолу түзөтүү

Белгилүү котормочу Суйүнтбек Бектурсунов 1909-жылы Олуя-Ата уездине караштуу (азыр Талас району) Үч Кошой айылдын кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. С.Бектурсунов айылдагы мектепте, балдар үйүндо окуп тарбиялангдан кийин, 1925-жылы Фрунзедеги Кыргыз педагогикалык техникумуна өтүп, аны 1930-жылы бүтурүп чыгат.
С. Бектурсунов 1930-1932, 1937-жылы, 1939-1941-жылдары Кыргызстан мамлекеттик театырынын директору болуп иштейт. 1932-1934-жылдары Кыргызстан областык комсомолдор комитетинин маданият жана агитация-пропаганда бөлүмүнүн башчысы, 1937-1939-жылдары Кыргызстан борбордук партия комитетинин алдындагы марксизм-ленинизим классиктерин которуучулар бюросунда котормочу жана редактор болуп иштеген. 1946-жылга чейин “Кызыл Кыргызстан” газетасынын редакторунун орун басары, бир нече жыл Кыргызстан мамилекеттик басмасын партиянын жана көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы . Кыргыз окуу пед мам басманын редактору болуп иштеп келген.
С.Бектурсунов 1934-жылыдан массалык-саясий китептерди , марксизм-ленинизим классиктеринин эмгектерин которуп келген. 1939-жылдан көркөм адабият котормочусу болгон. 1940-1950-жылдардын ичинде С.Бектурсунов Л. Толстойдун көп аңгемелерин , дүйнөгө атагы чыккан төрт томдон турган “Согуш жана тынчтык” романы, А.Толстойдун, Гоголдун, Горкийдин, Чеховдун жана башка орус, дүйнөлүк классиктердин көп чыгармаларын которуп кыргыз окуучуларына тартуу кылды.
С. Бектурсуновдун котормосу боюнча кыргыз драма театры М.Горькийдин, Погодиндин, Симоновдун, Виртанын жана бир тууган элдердин көп пьесаларын кыргыз көрүүчүлөрүнө көрсөтту. Ошону менен бирге көп кинофильмдерди кыргызча которду.
1949-жылы С. Бектурсунов В. Горячих менен бирге, “Армансыз азаматтар” деген пьеса жазып, ал пьеса областтык театырларыннда коюлган
. С.Бектурсунов көркөм котормо жана кыргыз адабияты жөнүндө бир нече сын макалалар жазган.
С.Бектурсунов 1937-жылдан КПССтин, 1952-жылдан СССР жазуучулар Союзуна мүчө болгон.

Которгон китептери түзөтүү

Чехов А. П. Аңгемелер. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1940, 123 бет.
Жариков Л. М. Кар, бороондоп жааган. (28-гвардиячы панфиловчулардын баатырдык иштери жөнүндө повесть.) Фрунзе, Кыргызмамбас, 1943, 88 бет.
Толстой.Л, Н, Согуш жана тынчтык.т.1. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1949, 347 бет.
2 том, Фрунзе, Кыргызмамбас, 1951, 400 бет.
3 том, Фрунзе, Кыргызмамбас, 1954 371 бет.
4 том, Фрунзе, Кыргызмамбас, 1955, 332 бет.
Горький А.М. Душмандар. Егор Булычев жана башкалар. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1953, 140 бет.
Толстой Л. Н. Аңгемелер жана жомоктор. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1953, 75 бет.
Гоголь Н.В. Өлүу жандар. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1953, 262 бет.(К. Эшмамбетов менен бирге.)
Мачковский В. Американы ачышым. (Очерк) Фрунзе, Кыргызмамбас, 1953, 88 бет.
Улуг-Заде С. Гүлдөгөн жер. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1954, 360 бет.(О. Орозбеков, Д.А. Абдылдаев менен бирге)
Толстой Л, Н, Кичинекей аңгемелер, жомоктор жана тамсилдер. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1955, 68 бет.
Толстой Л, Н, Пейилдин оңолушу. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1956, 504 бет.
Аксаков С,Т, Бюккан киши. Фрунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1956, 15 бет.
Горький А.М. Мен кантип окудум. Фрунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1957, 31 бет.
Распэ Э. Мюнхаузендин шумдуктары. (Кенже балдар үчүн.) Фрунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1957, 88 бет.
Абрахамс Питер. Каар жолу. Фрунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1958, 264 бет.
Майн Рид. Башы жок чабендес. Өспүрүмдөр үчүн, Фрунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1959, 459 бет.(жеткиликсиз шилтеме)
Толстой Л. Н. Тандалган чыгармалар. Фрунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1959, 425 бет.

Макалалары, рецензиялары, очерктери түзөтүү

Кыргыз тилинде.
“Тилек” жөнүндө.-“Советтик Кыргызстан”, 1950, № 1, 53-59-беттер;”Ленинчил жаш”, 1950, 29-январь.
Халтуралуу чыгарма. “Советтик Кыргызстан”, 1950, № 5, 38-60-беттер.
“Ак кайың”романынын котрмосу жөнүндө.-“Кызыл Кыргызстан”, 1951, 25-июль.
Коркөм котормодогу формализимге каршы.- “Советтик Кыргызстан”, 1955, № 9, 92-96-беттер.
Орустилинде.
Коркөм адабияттын мыкты которулушу жөнүндө.- “Советская Киргизия”, 1953, 27-май.

Өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө макалалар түзөтүү

Кыргыз тилинде.
Сагымбеков Б. А. С. Пушкин “Капитан кызынын” котормосу жөнүндө.-“Кызыл Кыргызстан 1953, 19-июнь.
Сагынбеков Б. “Өлүк жандар” поэмасынын котормосу жөнүндө пикир.- “Советтик Кыргызстан”, № 8, 93-96-беттер.
Умаров М. “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи киьтебинин котормосу жөнүндө. -.“Кызыл Кыргызстан,1955, 12-июнь.
Самаганов Ж. Советтик Кыргызстан жазуучулары. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1958, 199-200- бет.
Орозбаев О. Сүйүнбек Бектурсунов. (С. Бектурсуновдун туулган кунунө 50 жыл толушуна.) ”Ала-Тоо”, 1959, №12, 42-44-беттер.
Сүйүнбек Бектурсунов. (Некролог) ”Ала-Тоо”, 1962, №7, 127-128—беттер.
Сүйүнбек Бектурсунов.(Жазуучу –котормочу 1909-1962.Некролог) “Ленинчил жаш”, 1962, 15-июнь.
Самаганов Ж. Советтик Кыргызстан жазуучулары. (Кыргызстан жазуучуларынын био-библиографиялык справочниги) . Фрунзе, Кыргызмамбас, 1962, 121-124- бет.
Жигитов С. Художник-котормочу. (С. Бектурсуновдун 60 жашка толушуна карата.) “Кыргыз маданияты”, 1970, 11-март.
Орус тилинде.
Самаганов Ж. Советтик Кыргызстан жазуучулары. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1958, 217-218- бет.
Сүйүнтбек Бектурсунов. (Некролог) -“Комсомолец Киргизии”1962, 15-июнь.
Самаганов Ж. Советтик Кыргызстан жазуучулары. (био-библиографиялык справочник.) Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1969, 159-162-беттер.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Самаганов Ж. "Советтик Кыргызстан жазуучулары" Фрунзе 1976-ж.