СУКУ́МА (өз аты – ва­су­ку­ма, которгондо – түндүк эл) – банту эли. Танзаниядагы эң чоң этникалык топ. Виктория көлүнүн түштүгүндө жашайт (Мванза жана Шинь­ян­га областарында). Жалпы саны 7,3 млн адам (2015).

СУКУ́МА

Сукума адамдары (19-кылымдын аягындагы сүрөт).
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 7,3 млн адам (2015)
 Танзания

Тили

кисукума

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери

католиктер,
мусулмандар (сүннөттөр)

Расалык тиби

негроид

Кирет

бантулар

Тил

Эне тили – кисукума. Андан тышкары ньям­ве­зи жана суа­хи­ли тилдеринде сүйлөшөт.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат (ата-бабалардын жана рухтардын культу).
Калгандары – католиктер жана мусулмандар (сүннөттөр).

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген жер чарба (сорго, таруу, жүгөрү, пахта) жана малчылык (зебу, кой, эчки). Кээ бирлери плантацияда жана шахталарда иштешет.

Кол өнөрчүлүк

Эркектердин кол өнөрчүлүгү – темир устачылык жана жыгач оюм, аялдардын – карапачылык.

Турак жай

Конуштар чоң, компакттуу, дубал менен курчалган. Турак жай (мсонге) тегерек, чатыры чөптүү.

Коом

Айылдык жана көп үй-бүлөлүү жамааттар, башчылыктар, бир жана эки тараптуу тууганчылыктар сакталып калган. Курактык топтор жана жашыруун союздар, бакшылар (нфуму) бар.

Маданият

Негизги майрамдары Саба-саба (июль) жана Нане-нане (август). Бийлерде бет каптар, керамикалык жана жыгачтан жасалган узун формадагы, мамы сымал денеси жана кичинекей тегерек башы бар фигуралар (амалеба) колдонулат.

Тарых

Сукума кул соодагерлеринен качуу үчүн түндүккө көчүп барган нямвезилердин урпактары. 19 кылымда алар бир нече уруулук бирикмелерди түзүшкөн. 19 кылымдын аягында сукума жашаган аймактары Германиянын Чыгыш Африка колониясына кошулган.

Булактар түзөтүү