Сулайманова Света Мукашовна

Сулайманова Света Мукашовна  (1957) – Физика жана математика илимдеринин доктору, профессор, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин  “Колдонмо информатика жана маалымат системалары” кафедрасынын профессору, 72ден ашык илимий эмгектин автору.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Сулайманова Света 1957-жылы Ысык-Көл районунун Бостери айылында   туулган. Улуту - кыргыз.  

  • 1974-жылы  Бостери айылындагы  орто мектепти аяктаган.
  • 1979-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин механика-математика факультетинин математика бөлүмүн артыкчылык менен бүтүргөн.
  • 1979-82-жж. КРнын ИАнын Автоматика институтунун алдындагы күндүзгү аспирантура бөлүмүн окуп бүтүргөн.
  • 1982-1986-жж. Бүткүл союздук мелиорацияны автоматташтыруу илим-изилдөө институтунун инженери.
  • 1986-1999-жж. КР УИАнын институттарында ага инженер, ага илимий кызматкер болуп иштеген.  
  • 1989-жылы 01.02.05 – Суюктуктун, газдын жана плазманын механикасы адистиги боюнча “Катуу бөлүкчөлөрү бар газдын агымын перфорация тосмосу жана «пелена» жана «шнур» сыяктуу үзүлүштөр менен областарда математикалык моделин иштеп чыгуу” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.
  • 1999-2001-жж. Дастан технологиялык университетинин доценти.
  • 2001-2011-жж. Кыргыз мамлекеттик курулуш, танспорт жана архитектура университетинин “Механика” кафедрасынын доценти.
  • 2009-жылы доцент наамын алган.
  • 2011-жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин  “Колдонмо информатика жана маалыматтар системасы” кафедасынын башчысы, доценти жана профессору кызмат орундарында иштеп келе жатат.
  • 2011-ж. 05.13.18 –«Математикалык моделдөө, сандык эсептөө методу жана программалар комплекси» адистиги боюнча  физика-математика илимдеринин доктору болгон. Темасы: “Өтө ийкемдүүлүктүн режиминде көлөмдүк жактан формасын өзгөртүүчү процесстерди моделдөө”.
  • 2017-ж. профессор наамын алган.
  • 2013-жылдан бери докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин мүчөсү, КР ЖАКнын эксперттик кеңешинин мүчөсү. 

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сандык эсептөө методдорун колдонуп газдардын жана суюктуктардын механикасы тармагындагы маселелердин математикалык моделдерин иштеп чыгуу, региндогу климаттын өзгөрүшүнүн математикалык моделин түзүү.

Негизги илимий - методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Двухжидкостные течения смеси газа и твердых частиц с «пеленами»           и «шнурами»,  возни­кающими при обте­кании        непроницаемых        поверх­ностей (статья). - Журнал «Прикладная математика и механика».-Москва, 1983.-т.43, №4, C.619-630.
  2. Теория обратного выдавливания в режимах сверхпластичности (статья) Научно-технические ведомости СПбГПУ. Физико-математические науки, 1(94), 2010, С.91-103.
  3. Теория объемного формообразования  изделий в режимах сверхпластичности (монография)/ Verlag/Издатель LAP LAMBERT Academic Publishing ist einImprint /Saarbruchen 2013. ISBN: 978-3-659-34494-2, 245 c.
  4. Моделирование процессов течения газа  в областях с перфорированными перегородками// Вестник Национальной академии наук Республики Казахстан, Т3,№355(2015) С.60-66.
  5. Моделирование процесса прессования прямоугольной полосы в режимах сверхпластичности//Современные проблемы теории машин. 2016. № 4 (1). С. 143-155.