Сулайманов Азади-обончу жана ырчы Талас районунун Үч-Эмчек айылында 1966-жылы 30-августта туулган. 1983-жылы Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылындагы К.Каимов атындагы орто мектебин аяктап, эмгек жолун 1983–1985-жж. «Коммунизм» колхозунда колхозчу болуп эмгектенүүдөн баштаган.

1988-жылы Фрунзедеги айыл-чарба техникумун, 1991–1996-жж. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин сырттан окуп бүтүргөн. 1988–1989-жж. колхоздо клубдун башчысы, 1989–2004-жж. Талас районундагы К.Каимов атындагы орто мектепте музыка сабагынын мугалими жана Талас райондук маданият бөлүмүнүн Үч-Эмчек айылында жайгашкан айылдык клубдун башчысы, 2004-жылдан Талас райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеп келет.

Ал «Махабат вальсы», «Сүмөлөк», ж.б. обондуу ырлардын автору. Ар кандай райондук, облустук, республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү. Ал жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо (1993–2003) айылдык кеңештин эки жолку чакырылышынын жана райондук кеңештин (2004–2008) бир жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

  • 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпорациясынын «Айкөл» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси тарабынан уюштурулган «Жаштык ыры» теле-сынагынын лауреаты болуп, диплом менен сыйланган.
  • 1999-жылы Чынгыз Айтматовдун 70 жылдык маарекесине арналып, мугалимдер арасында уюштурулган облустук «Дүйшөн агай» педагогикалык сынагынын баш байгесин, 2000-жылы «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фондунун «Дилгир» сыйлыгын жеңип алган.
  • 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасына, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисине, 2005-жылы Республикалык эл чыгармачылык борборунун Грамотасына, 2007-жылы Рысбай Абдыкадыровдун 65 жылдыгына арналган «Ырга арналган өмүр» республикалык II телефестивалында Р.Абдыкадыров атындагы коомдук фондусунун кызыктыруучу сыйлыгына татыган.


Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

«Сагыныч» с. М.Жумалиевдики «Махабат вальсы» с. Т.Кожомбердиевдики «Сүмөлөк» с. элдики «Сен-сен-сен» с. Н.Алымбековдуку ж.б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү