Сулайманов Дүйшөн (1929–1999) - сынчы, адабиятчы, балдар жазуучусу.

Дүйшөн Сулайманов Сокулук районундагы Жыламыш айылында 1929-жылы 5-майда туулган.
1946–47-жж. Сокулук районундагы Калинин орто мектебинде мугалим, пионер жетекчиси болуп иштеген.
1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1952–1954-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер,
1955–1959-жж. Кыргызмамбастын көркөм адабият редак-циясында редактор,
1960-жылдан «Мектеп» басмасынын балдар адабияты-нын редакциясында улук редактор болуп иштеген.
Д.Сулайманов адабий сын макалаларды, Токтогул, Тоголок Молдо ж.б. акын-жазуучулар, фольклор, эпостор жөнүндө адабий макалаларды жазган.
1960–1961-жж. орусча жана кыргызча чыккан «Кыргыз Совет адабият та-рыхынын очеркин» жазууга катышкан.

Д.Сулайманов 50-жылдардын ичинде Токтогулдун толук чыгармаларынын бир томдугун түзүп, ага баш сөз жана комментарий жазган. Т.Молдонун, К.Акиевдин, А.Жутакеевдин, О.Бөлөбалаевдин тандалган ырларынын бир томдуктарын, «Кожожаш» эпосун ж.б. жыйнактарды түзгөн. К.Эшмамбетов менен бирдикте кыргыз жомокторун иштеп чыгып, биринчи жолу өзүнчө китеп кылып чыгарган.
Д.Сулаймановдун «Күз айы» аттуу биринчи ыры 1948-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган. «Нан» атуу жомогу эстон тилинде чык-кан. Д.Сулайманов 1957-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1967-жылы «Басманын отличниги» деген төш белгиси жана бир нече жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары жана ди-пломдору менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кыргыз эл жомоктору (К.Эшмамбетов менен бирдикте.) – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1957. – 176 б.

Бала жана Балык. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 16 б.

Кыргыз эл жомоктору. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 280 б.

Биздин айылдын балдары. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 116 б.

Булар комсомол. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 88 б.

Мен эмнени жек көрөм. – Ф.: Мектеп, 1965. – 84 б.

Аттын жонуна өскөн коон. – Ф.: Мектеп, 1966. – 16 б.

Жол. – Ф.: Мектеп, 1968. – 156 б.

Меке чал. – Ф.: Мектеп, 1969. – 16 б.

Жолборс терисин жамынган музоо. – Ф.: Мектеп, 1970. – 16 б.

Талант издери. – Ф.: Мектеп, 1971. – 186 б.

Чокчолой баатыр. – Ф.: Мектеп, 1971. – 16 б.

Кыргыз эл жомоктору. – Ф.: Мектеп, 1972. – 172 б.

Сыйкырдуу сандык. (Он китеп) – Ф.: Мектеп, 1973. – 120 б.

Менин досторум. – Ф.: Мектеп, 1973. – 176 б.

Талант издери: – Ф.: Мектеп, 1971. – 185 б.

Абышка менен түлкү: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Акбаш жана Бозбаш: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Акылдуу Алдар: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Арстан кармаган ат: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Бала менен сыйкырчы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Жолборс кантип алданды: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Кимиси күчтүү: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Куурчак жана бала: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Кырк ууру жана Алымкул: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Менин досторум: Аңгемелер, жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1973. – 173 б.

Өнөрлүү өлбөйт: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1973. – 12 б.

Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975. – 164 б.

Белек: Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1976. – 16 б.

Түйшүктүү жол: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 116 б.

Камчыбектин саякаты: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1978.

Чыныбек жана сыйкырчы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1978.

Менин белегим: Аңгемелер, жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1979. – 296 б.

Нан: Аңгеме-жомок. – Ф.: Мектеп, 1980. – 18 б.

Абышка менен түлкүнүн аңчылыгы: Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1981. – 15 б.

Мактанчаак бөжөк: Аңгеме-жомок. – Ф.: Мектеп, 1981. – 16 б.

Сыйкырчыны жеңген бала: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1981. – 12 б.

Кара моюн. – Ф.: Мектеп, 1984. – 16 б.

Абышка менен түлкүнүн аңчылыгы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1987. – 15 б.

Сырдуу сандык: Аңгемелер жана жомоктор. – Ф.: Адабият, 1988. – 304 б.

Орус тилинде

Старик-коротыш: Киргизская народная сказка. – Ф.: Мектеп, 1970. – 12 с.

Теленок в тигровой шкуре: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1971. – 18 с.

Бессмертные умельцы: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1978. – 12 с.

Проделки Алдара: Сказки. – Ф.: Мектеп, 1978. – 18 с.

Чыныбек и волшебник: Киргизская народная сказка. – Ф.: Мектеп, 1979. – 24 с.

Хлеб: Рассказ-сказка. – Ф.: Мектеп, 1980. – 18 с.

Как охотились лиса и старик: Сказки. – Ф.: Мектеп, 1981. – 16 с.

Хвастливый зайчонок: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1981. – 16 с.

Мальчик, победивший волшебника. Аскар: Повести. – Ф.: Мектеп, 1982. – 200 с.

Проделки Алдара: Сказки. – Ф.: Мектеп, 1983. – 22 с.

Мой подарок: Рассказы, сказки. – Ф.: Мектеп, 1985. – 153 с.

Башка элдердин тилдеринде

Хлеб: Сказка. – Таллин: Ээсти раамат, 1985. – 15 с. – эст.

КОТОРМОЛОРУ

Корней Чуковский. Телефон. Бармалей. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 16 б.

Чуковский К. Крокодил. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас. 1964. – 36 б.

Индия эл жомоктору. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 156 б.

Виноградов. Кыргыз ССРинин музыкалык маданияты. – Ф.: Кыргызмам-бас, 1958. – 38 б.

Тараховская Е. Жандуу суу тууралуу жомок. – Ф.: Мектеп, – 48 б.

Чуковский К. Укмуштуу дарак. – Ф.: Мектеп, 1968. – 62 б.

Ага-ини Гримм. Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1969. – 215 б.

Чуковский К. Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1976.