Сулайманов Орозбай (1928–1996) - акын, котормочу.

Орозбай Сулайманов Кемин районунун Новороссийск айылында 1928-жылы туулган.
1944-жылы өз айылындагы орто мектепти,
1946-жылы Фрунзе мугалимдер институтун,
ал эми 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутун аяктаган.
Эмгек жолун 1946-жылы Гүлчөдөгү (Ош облусунун Алай району) Токто-гул Сатылганов атындагы орто мектепте директор болуп иштөөдөн баштаган.
1950-жылы Ош мугалимдер институтунда мугалим,
1951-1953-жж. Новороссийск айылындагы орто мектепте директор,
1954-ж. республикалык радиоко-митеттин кабарчысы,
1956-1959-жж. «Мектеп» басмасында редактор,
1961-1970-жж. Фрунзе телестудиясынын редактору,
1970-жылдан тартып «Народная трибуна» райондук гезитинин котормочусу,
1973-жылдан тартып «Кыргызстан» басмасынын улук редактору болуп иштеп келген.

О.Сулайманов чыгармачылык жолун акын катары элүүнчү жылдары баштап, 1960-жылы «Биз да Дуров болобуз» деген биринчи ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. А.Бартонун, В.Жукровскийдин чыгармаларын, Ли Бонун тандалган ырларын ж.б. которгон. 1985-жылдан СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Биз да Дуров болобуз: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 56 б.

Кежир: Жомок-поэма. – Ф.: Мектеп, 1978. – 14 б.

Шүдүрүм: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 100 б.

Күңгүрөнгөн дарактар: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984 – 99 б.

Аска: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 168 б.

КОТОРМОЛОРУ

Жукровский В. Вьетнамские сказки. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. – 71 с.

Ли Бо. Избранные стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1959. – 138 с.