Калып:جعبه اطلاعات میراث جهانی یونسکو

[1]

Тарыхы түзөтүү

Калып:روی نقشه



Ганзек же Канзак, Ганжак, Ганзе, Жанзе, Ганже, Газн, Ганг жана армянча Ганзака же Кадза, сирия тилинде Ганзазк же Ганжак, грек тилинде Гунзака, Гадизака, Гадза, азыркы тарыхчылар аны Жазн же жазнак деп аташат, Моголдор аны Сатурик деп аташчы. Дагы бир башка аты Шиз. Грек тарыхчысы Плутарх бул шаарды Фарад деп жазган. Шейх Пахлавинин жазууларында жана Шахнамеде Чичест деп айтылып калган, ал эми барынан байыркы жазуу Авестада ал Чечист деп эскерилген. Азыркы учурда жогоруда аталган аттардын баарысы унутулуп Сулайман тактысы (Тахте Сулайман) деп аталып калган.

Адур Гушнасп, Сулайман тактысы: бул Авестадан алынган үч сөз “адур, гушн, асп”, “адур” ошол эле “отар” же от, “гушн” аябай көп, “асп” перс тилиндеги ат деген мааниде, чогу жазылгандагы мааниси Адур муздиснаи периштесинин дининин сан жеткис жылкылары, иранга жаңы маданий кол салуулар доорунда, маданий, өнөр, Арийлердин байыркы байлыгы тонолуп, кыйроого учураган кезде, эл жаңы маданий тонолуулардан коргонуу үчүн аргасыздан Адур Гушнасп же Адур Гушасбты Сулайман тактысы деп аташкан. 

Бул байыркы шаарда Медиан, Ахаменид, Пафиян, Сасанид жана Моголдор жашашкан жана алар жашаган ар бир доордо аталган аймак өз доорунун күчүнүн жана цивилизациясынын туу чокусуна жеткен мезгилдер болгон. Генри Роулинсон англис тарыхчысы XIX кылымда: “Шиз жана улуу отко сыйынуучулардын ибадатканасы мезгилдердин эң таза барагы болгон» деп жазган.   [2]


[3]


[4]

Шиз Зартуштун төрөлгөн мекени Баардык изилдөөчүлөр бул сөздү так тастыктай албаса да, болжол менен Зартушттун төрөлгөн жери Шиз шаары. Насери Арийлер коомунда мындай деп жазган, ооз эки эскерүүлөрдун негизинде Зартушт Ардебил, Себелан аймагында жарыка келген, ал жер болжол менен Мерага же болбософ Зенжан аймагындагы Шиз шаары. Артаксеркс Iдин доорунда жана андан кийин Парфяндардын тарыхын жана ордун ишмердүүлүгүн жоюуу иштери жүргөн. Сасаниддер менен Парфяндардын ортосундагы карама каршылык төмөнкү каршылыктардын негизинен жаралган: борбордошулган мамлекетти күчтөндүрүү аракети жана зароастризмди коргоо, башка диндер менен күрөшүү. Бул мамлекеттин борбордошулган саясаты жана расмий мамлекеттик дини Авестанын негиздери, аяттары менен курулган. Авестада “Ахриман важе” Зартуштун туулган жери катары айтылып Сасаниддер доорунда аны Рей шаарынан Азербайжанга алмаштыруу максаты болгон. Анткени Рей мурдатан Парфян доорунун абройлуу үй бүлөлөрүнөн болуп, Сасаниддер доорунун үч ыйык отко сыйынуу жайларынын бири Азербайжанда жайгашып, Сасаниддердин борбор шаарына жакын болгон. Ошентип Зартуштун туулган жери Азербайжан аймагы аталып, “Иран виж” атка конгон. Ал байыркы Авеста китебинде aryānem деп аталган. Байыркы Ирандыктар Парфяндардын доорунда арийлер деп аталган.   [5]

گنزک борбордо жолу اورتایی түзөтүү

 
گنزکж. б., борбор калаа trvpatn, Түштүк көлү

Гензек Урарту доорунун борбору Атропат Искендердин заманында жол башчы же түндүк медиандын сатрапы болгон. Биздин доорго чейин 328-жылы Искендердин императорлугу кулаган соң, ал эгемендүүлүк жарыялап Гензекти жаңы пайда болгон кичинекей мидиан мамлекетинин борбору кылган. Азербайжан сөзүнүн түпкү теги ошол заманга барып такалат. Бул кичинекей мамлекет ирандын кайра жаралышына жана Грециянын алсыздануусуна өтө таасирин тийгизген. Пур Давуддун жазуусунда: «Азербайжан жери Искендердин башкаруусунан бошотулган. Атропат байыркы Иранда көп кездешчү ысымдардан болуп, мааниси Азар панах же от кудайынын колдоосунда дегенди түшүндүргөн» деп жазылган.  

Шиздин Римдиктердин курчоосунда калышы Б.з.ч. 36-жылы Антуан, Римдин атактуу аскер башчыларынын бири Иранга жоортул жасаган. Парфяндардын ошол кездеги падышасы Фархад IV болгон. Плутархтын жазуусунда: «Антуан, өз сүйүүсү Клеопатрадан алыстаган соң, 113 миң аскери менен Мидиянга Азербайжан тарапка жол тарткан. Алдыдагы кыш мезгилин Клеопатра менен өткөзгөндү каалагандыктан шашылыш жүрүш жасап, аскерлери менен атчандарды, эс алдырбай атка жүктөлчү курал жарактарын таштатып, Шиз шаарын курчоого алат. Шиз чоң шаар болгондуктан Мидий падышаларынын уулдары, үй бүлөсү жашаган. Шаарды курчоого алган соң, оор курал жарактарын таштатканда чоң ката кетиргендигин сезген. Фархад IV шаардын курчоого алынгандыгын уккан соң чоң күч менен Шизди көздөй аттанат, атчан күчтөргө Римдиктердин атка жүктөлгөн оор курал жарактарына кол салууга буйрук берет. Парфяндар Рим армиясына кол салып көптөгөн аскерлерди туткунга түшүрүшөт. Мидиялыктар да Пафянарга кошулушат, Римдиктер аргасыздан артка чегүнүүгө мажбур болот. "[6]

Бахрам Гурдун учурунда түзөтүү

Бахрам Гурдун согуш олжосун ыйгарышы Табаринин жазуусунда: Бахрам Гур Хазар түрктөрү менен согушуп бүткөн соң Кавказ тоолорун аралап Шиз ибадатканасына сыйынганы барат. Түрктөр менен болгон согушта жеңишке жетип, андан түшкөн алтын баалу бермет асыл таштарды, туткунга түшкөн аялдардын баарысын ибадатканага кызматка жана белеке тапшырат. Гензек Хусру Парвиздин доорунда Хусру Павиздин жайында жашоочу жайы Урмия дарыясынын жээги, Мерага жана Табриз шаарларынын чет жагы, Лиланга жакын жер болгон. Ага жакын жерде Жанар тоолору болгон жана Адур Гушнасп ибадатканасында жер алдынан чыккан газдардан от жалындап күйүп турчу. Сасаниддердин доорунда чек ара сакчылардын бири Азербайжанды көзөмөлгө алууга жиберилип турчу, ал доордун акыр чендеринде Азербайжан бир үй бүлөөнүн кол алдына өтүп, борбор шаары (Шиз) же (Ганзеб) деп аталчу. 

Шиз Сасаниддердин доорунда Сасаниддер императорлугунун күчтөнүшү менен Зартушт дини күчөп, шаардын өнүгүү мезгили келген. Адур Гушнасп ибадатканасынын жасалышы менен Зартушт дининин негизги борборуна айланган. Бул ибадаткана падышалардын жана кол башчылардын жайы болгондуктан, жакшы каралып, мамлекеттин биримдигинин үлгүсүнө айланган. Ага сасаниддердин падышалары үй бүлө, балдары менен келип сыйынып кетип турган жана эл тараптан абдан сый урмат көрсөтүлчү. Адур Гушнасп мамлекеттин эң ыйык сыйынуу жери болгон, ибадатканада өчпөс от VI кылым бою жанып, зароастризмдин негизин түзүп турган. Сасаниддер доорунда шаар үчкө бөлүнгөн: биринчиси хан сарайлар, экинчиси ибадатканалар жана үчүнчүсү эл жашаган аймактар. Шиз шаары ал доордо мамлекеттин ыйык жерине, диний шаарына айланган. Шаардын атак даңкка бөлөнүп, ыйык болгондуктан эл аны Сулайман тактысы деп атаган. Ошондон соң тарыхый китептерде Адур Гушнасп аты унутта кала баштаган. Бул ибадаткана Хосроу I заманында эң бир маанилүү жайга айланган. Хосроу Парвиз же батыштык илимпоздордун айтымында Хосроу II Сасаниддер менен Чыгыш Римдиктердин ортосундагы көп жылдык согушту баштаган, Хосроу Парвиз Сирия жана кичи Азияны колго алып, “Иерусалимдеги чыныгы крестти” Шиз шаарына алып барган. Бул шаар 624-жылы Рим армиясынын жоортулунда кыйроого учурап, таланып тонолууга дуушар болгон. Ираклийдин буйругу менен Шиз талкаланууга учурап, чыныгы крест кайрадан Иерусалимге кайтарылып келинген. Андан соң Шиз Ислам дининин таасирине өткөн. 

623-жылы Ираклий экинчи ирет Иранга жоортул баштап, өзүнүн күчүн Кичи Азия тараптан Кавказга алып кирген. Ираклий I Арменияны жеңип, андан соң Гензек тарапка жол бурган. Азербайжан аймагы Зартушттун төрөлгөн жери саналгандыктан, Хусру Парвиздин армиясы 614-жылы Иса Масихтин мазарын талкалаганын өч алуу максатында Сасаниддер доорунун ыйык жерин, Адур Гушнеспти жер менен жексен кылып талкалашкан. [7]

Шиз шаары менен ибадаткананын талкаланышы Императорлуктун тарыхый китептеринде, француз Шарль Лебунун жазууларында сакталып келет. Такдис тактысы, шахнаме саптарында да кездешет, ошентип Шиз шаарынын көз жоосун алган ажайып кооз жери толук талкаланууга учураган. Шарль Лебу шаардын талкаланышы боюнча мындай деп эскерет: «Иракли кол алдындагылар менен шаарды басып киргенде, Хосроу Парвиз армиясы качууга мажбур болгондуктан, Ираклий шаарга эркин аралап кирген. Айтууларга ылайык Зартушт ушул аймакта төрөлгөн жана жашаган. Ал эми сепилдин так ортосунда Хосроу Правиздин асман тиреген статуясы, анын тегерегинде периштелердин айкели, күн, ай жана жылдыздарды байкоого болгон. Ираклий анын баарын шаардагы үч миң үй менен кошо күлүн калтырбай өрттөп жиберген.


Адур Гушнасп ибадатканасы Негизги аталышы: Адур Гушнасп ибадатканасы Сасаниддер доорунда Ирандыктардын 3 чоң ыйык ибадатканасы болгон. Отко сыйынуучу биринчи ибадаткананын аты Бурзин мехр мааниси ашыктык оту, Хорасан облусунда Нишапур аймагына жакын жайгашкан. Экинчиси Фарбаг, алыскы от деген маанини билдирет. Адур Гушнасп ибадатканасы Азербайжанда Шиз шаарынан орун алган. Ал жөнүндө иран дастан жомокторунда көптөгөн окуялар айтылып ар кандай аттар менен белгилүү болгон. Бул аймак азыркы учурда Сулайман тактысы деген ат менен таанымал. Сулайман тактысындагы байыркы тарыхый курулуштар Сулайман тактысындагы тарыхый курулуштардын комплекси булактын тегерегинде курулган. Булактын суусу 120-метрге жакын тереӊдиктен чыгып, сууда туздун кѳлѳмү кѳп болгондуктан ичкенге жана айыл-чарба иштерине жараксыз келип, кышындасы тоӊбойт. Бул аймакта Парфяндар, Сасаниддер менен Хулагуиддердин доорундагы маданий жана тарыхый курулуштар табылган. Эӊ маанилүү табылгалар бул ибадаткана жана Сасаниддер заманына таандык сарайлар. Андан тышкары тарыхый жана маданий курулуштар Белкис тоосуна, Сулайман зынданына жана Тахте Сулайманга жакын жерге салынган.  


Сулайман тактысы кыш мезгилинде

Галерея түзөтүү

Төмөнкү колонтитул түзөтүү

Калып:پانویس

Ресурстар түзөтүү

  •  Сулайман тактысы 
  • Ачык маданият
  • Такаб афшар, 94-бет
  • Такаб Афшар, 88-бет
  • Такаб Афшар, 107-бет 
  • Такаб Афшар, 92-бет 
  • Такаб Афшар, 92-бет 
  • Иран Намак, 251- бет
  • Такаб Афшар, 97-бет 
  • Такаб Афшар, 96-бет 
  • Реза, Иран жана Түрктѳр Сасанид династиясынын доорунда 
  • Резин Куб, 516-бет
  • Такаб Афшар, 103-бет 
  • Сулайман тактысы (Адур Гушнасп ибадатканасы) Ошондой эле - Текаб - Текаб шаары - Адур Гушнасп ибадатканасы - Айуб Ансари мүрзѳсү - Сулайман зынданы - Сулаймандын энесинин тактысы же Касре Абунаср Булактар - Реза,Иран жана Түрктѳр Сасаниддер доорунда, Тегеран: илимий жана маданий басылыш - Заринкуб, Абдулхусуйн, Иран элинин Исламга чейинки тарыхы, Тегеран: Амиркабир басмасы - Мухаммад, Перс сѳздүгү, Тегеран: Амиркабир басмасы - Курши, Амануллах, Иран намак, Тарыхка жана Иранга жаӊы кѳз караш, Тегеран: Нашир басмасы - Мухаммади, Али, Текаб Афшар, Тегеран: Нашир басмасы Колдонулган адабияттар - Дүйнѳлүк мурастардын аймактык жадыбалы - ЮНЕСКО - Iranica Vol. X, Fasc. 3, pp. 289 
  1. «تخت سلیمان، تیشینه».Калып:یادکرد وب
  2. تکاب افشار، ص ۸۸
  3. تکاب افشار، ص ۱۰۷
  4. تکاب افشار، ص ۹۲
  5. ایران‌نامک، ص ۲۵۱
  6. تکاب افشار، ص ۹۶
  7. تکاب افشار، ص ۱۰۳